«Соң-Көл» орто мектебинде бир айдан бери «Тил майрамы» өткөрүлүп келе жаткан. 6-октябрь күнү бул майрам ынтымакка чакырган таймаш менен жыйынтыкталды.
Кочкор районунун Төлөк айылында жумушсуз кыз-келиндер көп. Ушундан улам айылда ишкер Мурат Дүйшекеевдин жардамы менен тигүү цехтерин иштетип, көйгөйдү чече башташкан.
Ардактуу эс алууда болсо дагы Шаршен агай окуучуларга сүрөт ийримин ачып, талыкпай билимин берип келет. Сүрөт ийрими аркылуу Шаршен агай окуучуларды дизайнерлик кесипке багыттайт.
«Соң-Көл» орто мектебинде 23-сентябрь «Мамлекеттик тил» күнүнүн 33 жылдык маарекеси белгиленди.
Ата журттун байлыгы-анын эли. Манас эпосундагы элдин эркиндиги, мамлекеттин өзөгүн түптөй турган байлык- бул анын эли деп айтылып келет. Манас эпосунан бери келе жаткан үрп-адатыбыз, баалуулуктарыбыз бул мамлекетибиздин байлыгы. Журт …
Чолпон Кулсариева дээрлик кырк жыл Суусамыр айылдык ооруканада мед айым болуп эмгектенип, пенсияга чыккан. Азыркы учурда ал элге жугуштуу оорулардын алдын алуу маалыматын ар бир үй, ар бир мектепке барып …
Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Молдо Кылыч айылынын тургуну Сайкал Ниязова кол өнөрчүлүк өнөрүн 19 жашында баштаган. Азыркы күндө чакан тигүү цехи бар. Жумушсуздук көйгөйү чечилип, айылдын келиндери иштешет. Андан сырткары …
Суусамыр өрөөнүнүн Биринчи Май айылынын тургуну Токтобек Арзыгулов уулу Эржанды төрт жашынан бери спорт менен машыктырат. Токтобектин спорт жаатында билими жок, үйдө машыгуу шаймандарын кураштырып чыккан.
Upkel долбоору желимди кайра иштетип, андан күнүмдүк турмушка колдонуучу түрдүү буюмдарды жасашат. Бишкектин көчөлөрүн үймө үй кыдырып желим чогултуп, ага кайра жаңы жашоо берүү бир топ түйшүктү талап кылат. Алар …
Соң — Көлдө турист тоскон Анара айым жана анын үй — бүлөсү туризм тармагында 5 жылдан бери эмгектенип келишет. Жыл сайын чет мамлекеттен келген меймандардын саны арбып жатат.
Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында жаңы хирургиялык бөлүм ачылып, толук кандуу ишке киришип алгачкы операциялар жасала баштады. Эске салсак, Суусамыр айылы Бишкек шаарынан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан. Суусамыр элине хирургиялык …
Кочкор районун Кочкор айылынын тургуну Орозобек Салмоорбеков Кара-Суу айылына күнөскана ачып, анда жаңы ыкма менен кулпунай өстүрө баштаган. Климаты жагынан картошка, алма менен белгилүү болгон Кочкордо кулпунайды өстүргөндөр сейрек кездешет.
Айтылуу Соң-Көл жайлоосунда 12-август күнү «Менин Соң-Көлүм» аталышындагы экологиялык максаттагы фестиваль өткөрүлдү. Фестивалдын шартында ар бир чабандарга жайлоону сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, театрлаштырылган чакан оюн менен коштолду. Андан сырткары …
Жергиликтүү бийликтин депутаты Мыскал Байгазиева Оттук айылына заманбап китепкана салдырды. Бул убакытка чейин айылда китепкананын жоктугу көйгөйлөрдүн бири болуп келген. Учурда китепканага Оттук жана Казан-Куйган айылынын тургундары келип, китеп окуй …
Арстанбап айылынын тургуну Эркин Кадиров жангактан май чыгарып, жергиликтүү элге эле эмес, Жапония, Дубай, Орусияга да экспорт кылат.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында туристтерге кыргыздын каада-салтын көргөзүп, аларды кызыктырган атайын жамаат түзүлгөн. Бул жамаат «Маданият айылы» статусун алып, туристтер үчүн карталарга киргизилген.
Учурда эл арасында насыя алайын десем кара тизмеге түшүп калыпмын, насыя тарыхың таза эмес дешти, ала албай калдым деген пикирлерди кездештиребиз. Бирок анын эмне экендигин билгенибиз менен маани деле бербейбиз. …
Базар-Коргон районундагы тоо алмасын кайра иштеткен жалгыз завод 1975-жылдан бери иштеп келет. Анын жетекчиси Гулам Рахматов айылдаштарын жумуш менен камсыз кылуу менен бирге тоо өрөөнүнүн жергиликтүү элинин кошумча акча табуусуна …
Жайдын келиши менен Суусамыр айылына кымыз ичип эс алууга чыккан меймандардын саны жыл өткөн сайын өсүүдө. Кымыз ичип эс алуу адамдын ден соолугун пайдалуу витаминдер менен камсыздап, иммунитетти көтөрүүгө көмөктөшөт. …
Шайыр апалар теле-сынагынын жеңүүчүсү «Энелер насааты» тобу, Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылына чоң программалык концерти менен келишти. Концертте жергиликтүү элге бий жана ар кандай кыргыз улуттук аспаптардын коштоосундагы ырлар тартууландаы.