2010-жылдагы болгон жер титирөөдөн мектеп жараксыз абалга келип калган. Ошондон көп өтпөй эле жаңы мектеп курула баштаган. Азыркы күндө мектеп ар тараптан камсыз болду.
Ноокат районундагы Ынтымак айылдык округунун тургундары айылга жакын жайгашкан цемент завод түтүнүнөн жабыр тартып жатканын айтып кейишет. Завод башчысы болсо ал зыяндуу түтүн эмес, болгону буу деп тургундарды кабатыр болбоого чакырат.
Буга чейин Кулатов айылдык кеңешинин депутаттары эки-үч жыл мурда той-аштарга жана өлүм-житимдерге кеткен чыгымдарды азайтуу боюнча маселе козгогон. Анын натыйжасында токтом кабыл алып бекиткен.
Ал токтом натыйжа бербей, айылда ар кандай терс окуялар жүз берүүдө. Ошонун алдын алуу максатында азыр эми айыл аксакалдары өздөрү демилгелеп, чоң чыгымдарды токтотуу боюнча атайын чогулуш өткөзүштү.
Айылыбыздан чыккан Кыргызстандын чыгаан инсаны Төрөбай Кулатовдун ишмердигине арналган музей курулууда. Бул музейдин курулушун «ЭРКА» жоопкерчилиги чектелген ишканасы колго алган. Тендерден утуп алып, азыркы күндө курулуш иштери аяктоо алдында турат.
«Кызылбулак айылынын тургунумун. Ушул айылыбызда көптөн бери чечилбеген маселе мына бүгүн чечилүдө. Мен ушу кишилерге жатаканасын каралашып, тамак ашын жасап колдон келген жардамымды берип жатам»,-дейт Аманбай Кыямидинов.
Агам дайыма жеңем менен эжемден мурда жумуштан чыгып үйүнө келип калчу. Ошол күнү айлыгын, сыйакысын (ред. премиясын) жана авансын да алып иштен чыккан экен. Эжемдер үйгө келсе агам жок. Эжем менен жеңем агама кайра-кайра телефон чалып сурашса, агам “азыр Карим мененмин” деп, андан башка эч кандай сөз айтпай телефонду өчүрүп коюп жатыптыр.
Демилге Маширапбек Маманазаровго таандык. Ал Кулатов айылынын жаштар комитетинин төрөгасы. Маманазаровдун айтымында иш бөлмөсүнүн ачылуусуна жергиликтүү бюджеттен 100000 сом бөлүнгөн. «Учурда иш бөлмөгө эмеректерди сатып алууга 60000 сом которулду. Бөлмөнү ремонттоо иштерине …
Кызыл-Булак айылынын тургундары айылда бала бакча жоктугунан балдарын үстүнкү айылга жөнөтүүдө.
Айыл өкмөтүнүн орун басары Данияр Көчкөнов кийинки жылы эски мектептин имаратын бала бакча кылууну пландаштырып жатканын кабарлады.
Кулатов айыл аймагынын тургуну Россияда жарым жылдан ашуун иштеп келди. Иш берүүчүлөрдүн бири айлык акысын бербей, эмгек келишими менен «алдангандыгын» айтып берди. Айыл тургуну атын жашыруун бойдон калтырууну суранды.
«Азык-түлүк магазининде продуктуларын сатып, ошол дүкөндө сатуучу-консультант болуп ишке киргенмин».
Кулатов айыл окуругунун тургуну Айжамал Марасул кызы үстүбүздөгү жылы химия боюнча республикалык олимпиадада 5-орунга жетишти. Даярдануу учурунда лабораториянын жоктугу чоң кыйынчылыктардын бири болгонун айтып, мугалимдин сүрөттөрдү көргөзүп даярдаганын кошумчалады.
Жолдорду оңдоо-түзөө иштери Кызыл-Булак айылынын Чоко көчөсүнө келип токтотулду. Жолдорду оңдоо иштерин токтотулушун айыл өкмөтүнүн орун басары Данияр Абдразакович заводдон бетон чыкпай жаткандыгы менен түшүндүрдү.