Баткен облусунун жаштарынын лидерлик сапаттарын өнүктүрүү долбоорунун алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын жаштарынан тандалып алынган командалар үчүн бүгүн Исфана шаарында Дебат клуб башталды.
Жеңиш күнү жер -жерлерде майрамдалып, эскерүү иш чаралары болуп келет. Бул жолку Жеңиш майрамын Куланак айылы да унутта калтырган жок.
Тогуз-Торо районунда “Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгына карата райондук мамлекеттик администрациясынын жана Аскер комиссариатынын демилгеси менен Жеңиштин 73 жылдыгына карата “Өлбөс полк” акциясы болуп өттү.
Сүлүктү шаарындагы Исхак Раззаков атындагы №7 орто мектебин 2008- жылы бүткөн бүтүрүүчүлөрү алгылыктуу демилге баштап, мектепти бүткөндүгүнүн 10 жылдыгына карата мектептин дааратканасын капиталдык ремонттоо иштерин кызуу жүргүзүп жатат.
Талас районунун Көпүрө — Базар айылынын Айдаралиев орто мектебинде Улуу Ата Мекендик согуштун 73-жылдыгына карата маркум Рысбек Айдаралиевтин жаркын элесине арналган Эл аралык турнир болуп өттү.
Бүгүнкү күндө Талас облусунун милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду камсыздандырылган жарандарга эң жакшы жеңилдиктер үчүн шарт түзүп берүүдө. Айта кетсек, мурунку мезгилдерде студенттер камсыздандырылбаган жарандарга кошулса, бүгүнкү күндө камсыздандырылган жарандардын санын …
Улуу Жеңиштин 73- жылдыгына арналган эрежесиз эр уруштун эл аралык турнири жыйынтыкталды. Турнирде 12 рейтинг көтөрүүчү чыгуу болуп бир башкы беттеш жана супер беттеш болду.
Бардык жерлерде майрамдык эскерүү кечелери уюштурулгандай эле, Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айылында да 9-май Жеңиштин 73 жылдыгына карата «Тынчтык» паркында чакан эскерүү кече болуп өттү.
Ысык-Көл районундагы Корумду айылынын жашоочусу 96 жаштагы тылдын ардагери Жумакан Абдрахманова менен жолугушту.
Нарын районунун Учкун айылында 5-май күнү Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган мемуардык эстеликтин ачылышы болду. Айыл тургуну Данияр Коомбаевдин демилгеси менен уюштурулуп, Улуу жеңиштин 73-жылдыгына карата өткөн иш-чарага айыл …
Нарын шаарынын Аска-Нур кафесинде 6-май күнү «Менталдык арифметика» боюнча олимпиада өттү. Ага Эшбай Токсобаев орто мектебинен 11 окуучу катышты. Анын ичинен сегиз окуучу финалга өтүп, Наргиза Жолдошбек кызы 2-орунду камсыз …
Чодуев Урмат- Орок айыл өкмөтүнүн башчысы- “Мектептеги болгон иш чара 9-май ата-бабабыздын, биз тынчтыкта жашасын деп алып келген күнүнө арналды. Жеңиш күнү- чоң майрам биздин айылдын мектебинде жакшы деңгээлди …
Улуу Ата-Мекендик согуштун аяктаганына 73 жыл толду. Алакандай болгон Жайыл районунун Кара-Суу айылынан эле 56 киши согушка кеткен экен.
Тогуз- Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагында “Жашыл долбоордун” алкагында 1500 түп бак отургузулду. Бул тууралуу Сары-Булуң айыл аймагынын жер адиси Артылбек Рысбеков билдирди.
«Сайкал» куурчак театры «Каардуу чал» аттуу чыгармасын Сүлүктүдөгү мектептерде коюп баштады. Кезек менен бардык окуу жайларында, бала бакчаларында коюлуп жатат. Катышкан балдар өтө кубануу менен кабыл алып, кайра келип коюп …
Талас шаарында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына тартылган тасмалар көрсөтүлдү. Бул иш-чара 2-3-4-май күндөрү Талас шаарында көрсөтүлгөн.
Гульнура Солтобаева «Агро-горизонт» уюмунун колдоосу менен күнөскана иштетип келет. Ал жакта бадыраң жана башка жашыл өсүмдүктөрдү өстүрүүгө болот.
Миң- Булак айылында 4-май күнү райондук деңгээлде Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун студенттери даярдап келген «Билге» билим таймашы болуп өттү.
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагындагы Манас атындагы орто мектебинде «Жаш мугалимдер- үмүтүбүз» деген темада аймактык тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек стол 2-май күнү жогорку деңгээлде өтүп, окуучулардан концерттик программалар дагы тартууланды.
Ысык-Көл облусунун Кара-Талаа айылындагы Болот Алаков атындагы мектепте жаңы керектүү каражаттар алынып колдонууга берилген.