Кочкор районун Төлөк айылынын тургуну Осмон Ысманов атанын үй- бүлөсүнө жыл сайын туристтер келет. Быйыл да туристтер пандемияга карабай байма-бай келүүдө. Алар айылдагы тоолордун бийиктигине, кооздугуна абдан кызыгышат.
Кошой – Коргон – Ат-башы жергесинде 7 кылым мурун пайда болгон байыркы тарыхый эстелик болуп эсептелет. Бул тарыхый эстеликтин тарыхын, ар кандай табылгаларын сактап калуу максатында «Кошой-Коргон» музейи 2007-жылы курулган. …
Ат-Башы районунда жергиликтүү калктын кѳпчүлүгү мал чарбасы менен алектенет. Бирок малдын кѳбѳйүшү жаратылышка канчалык дэңгээлде зыянын тийгизип жатканын, жылдан –жылга жайыттардын азайышы, жер кыртышынын бузулушу менен байкасак болот. Дагы кѳптѳгѳн …
Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны акырындап азайып баратат. Ошол эле учурда жарандар дагы коомдук жайларда жүрүү эрежелерин сактабай бара жатканын байкоого болот. Врач — эпидемиолог Жазгүл Убайдилла кызы учурда илдеттен …
Жайлоо-деген сөздү укканда ак-мөңгүлүү Ала-Тоо, мөлтүр булак, кылым карытып келе жаткан боз үй, кымыз эсибизге түшөт эмеспи. Нарын облусунун Кызарт жайлоосунда тартылган, жайлоонун турмушун чагылдырган сүрөттөр менен төмөндөн таанышыңыздар.
Нарын облусундагы Сөң-Көл жайлоосуна жыл сайын миңдеген туристтер баш багышат. Ал эми өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу, быйыл туристтердин келиши тууралуу Чолпон айылдык жайыт комитетинен сурап көрдүк.