Жайлоо-деген сөздү укканда ак-мөңгүлүү Ала-Тоо, мөлтүр булак, кылым карытып келе жаткан боз үй, кымыз эсибизге түшөт эмеспи. Нарын облусунун Кызарт жайлоосунда тартылган, жайлоонун турмушун чагылдырган сүрөттөр менен төмөндөн таанышыңыздар.
Бул нечен кылым карытып келе жаткан кыргыздын турак жайы. Элибиздин улуттук мүлкү болгон боз үй. боз үйсүз жайлоону элестетүү мүмкүн эмес.
Кыргызстандын көркү болгон, ак кар баскан, асман тиреген, бийик-бийик тоолор.
Кызарт жайлоосундагы таштан-ташка урунуп, шаркырап аккан Чалай суусу.
Желеде байланган бээлер жана кулундар.
Кызарт жайлоосу Кочкор районунан 50 км алыстыкта жайгашкан.
Эне жана бала. Тагыраагы уй жана музоосу.
Кызарт жайлоосуна Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу болгон айылдардын чабандары, малчылары жай мезгилинде байырлашат.
Алыскы айылдардан даярдалган башка сүрөтбаяндар менен төмөндө таанышыңыздар.
Сүрөтбаян: Китепкана залкарлар жашаган баалуу жай
Сүрөтбаян: Айылдыктар эмне менен алектенип жатышат
Сүрөтбаян: Кайырма айылындагы балдар бакчасы балдарды кабыл алууга даяр
Перизат Таштанова