Талант-бул адамдын башка адамдарга салыштырмалуу ар кандай чөйрөдө өзгөчөлөнгөн ийгиликтерди жарата алуусу. Дал ушундай ийгиликтерди жаратуучулардын бири Аралбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Улук Калдарбеков.
Нарын районунун Куланак айылында 21-март Нооруз майрамы,»Шаңдан элим-көркөм жерим» аттуу ыр кесе өткөрүлүп шаңдуу өттү. Бул ыр кесени Шайыр апалар тобу уюштуруп, Учкун айылынын тургундары да келип катышып кетишти.
Нарын районуна караштуу Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде 19-март күнү Чынгыз Айтматовдун 90-жылдыгына карата «Ааламдан алган данк» аттуу сынак өткөрүлдү. Сынакка ар бир топтон 12 мугалим катышты.
Нарын районунун Куланак айылынын тургуну Жылдыз Абдыразакова көп кырдуу таланттын ээси. Ыр жазуу, кийиз, жүндөрдү иштетүү, курак куроо менен алектенет.
Нарын районунун Куланак айылында окуучулардын жана ата-энелердин каалоосу менен мектепке менталдык арифметика боюнча ийрим ачылган. Окуп жаткан окуучулардын алгачкы олимпиадасы Аралбаев мектебинде 16-февралда болуп өттү.
Нарын районунун Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата «Бар бол жоокер»аттуу сынак өткөрүлдү. Сынакка 9-10 жана 11-класстан төрттөн окуучу бала катышышты.
Бүгүн, 15-февралда, 2015-жылы террористтер менен кармашып, баатырларча курман болгон Төлөбек Исмаиловдун наамына таандык музейдин ачылыш аземи болду. Иш-чарага айыл тургундары, кесиптештери, бир туугандары, ишки-иштер министрликтен жана райондук администрациядан келген өкүлдөр …
Нарын районунун Учкун жана Куланак айылдарында кароосуз иттерди тазалоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 2017-жылга 20 000 сом бөлүнгөн. Рейд эки күн жүрүп 118 ит жок кылынды.
Нарын районунун Куланак айылынын ооруканасына көбүнчө сасык тумоо оорусу менен жабыркагандар кайрылууда. Бул оору менен ооругандар чоң адамдар менен кичинекей балдардын арасында бирдей болуп жатат.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында 17-ноябрь күнү этнофестиваль болуп өттү. Бул фестивалга памирлик кыргыздар да катышышты.
Нарын районунун Куланак айылына көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар 24-октябрь күнү келип жайгашышкан. Учурда аларга ар тараптан жардамдар көрсөтүлүүдө.
Памирлик кыргыздардын биринчи тобу Нарынга келип жайгашуу үчүн Кыргызстанга келди. Учурда Нарын районунун Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейдин жатаканасында аларды тосуп алуу үчүн даярдыктар көрүлүүдө.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында 21-сентябрь «Дүйнөлүк тынчтык күнүнө» карата иш чара болуп өттү.
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын мал доктуру Чолпонбүбү Дүйшөбаева өз кесибин 8-класста окуган кезинде эле тандап алган. Учурда ылаңдаган малдарды дарылап, айылдаштарына кызмат кылып келет.
Өзү тракторист болсо дагы көп кырдуу өнөрдүн ээси Нургазы Кыдыралиев Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну.
Нарын районундагы Куланак айылында кенже курактагы балдарды тарбиялоо боюнча семинар-тренинг болду. Иш-чара “Тангабийке- Бердике” бала бакчасында өттү.
Жамааттык маалымат каражаттарынын ассоциациясы «Немец толкуну» академиясынын колдоосу менен 2017-жылдын 24-25-26-27-28-июль күндөрү «Мультимедиялык журналистика» багытында Ысык-Көлдүн жээгинде жамааттык маалымат каражаттарынын ыктыярчы, жарандык журналисттери үчүн жайкы мектеп уюштурат.
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну Шаршанбек Арунов жыгач усталык менен алектенет. Анын устаканасына баш багып, маектешип келдик.
Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Аралбаев орто мектебинде Улуу Ата Мекендик согушка карата чакан иш-чара уюштурулду.
Нарын районундагы “Куланак” жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары айыл жаңылыктарды жазып, сынактын жыйынтыгы менен жеңишке жетип, смартфондорго ээ болушту.