Ооган-Талаа айылында 1990-жылдары салынган мечит эскилигине жетип, 2019-жылы жаңы курулган. Мечитке ысык суу, кудук, отун, көмүр каналары жок болчу. Элдин, Россияда иштеп жүргөн балдардын демилгеси менен курулду.
Ооган-Талаа айылындагы жаңы конушка өкмөт тарабынан каржы бөлүнүп, электр мамычалар жана электротрансформатор коюлуп жатат.
Көк пияз — бул адамдын сүйүктүү өсүмдүктөрүнүн бири. Кылымдар бою ар кайсы өлкөлөрдөн келген адамдар аны жигердүү колдонуп келишет. Курамындагы бай витаминдер менен минералдардын аркасында адамдын ден-соолугуна пайдалуу. Көк пияздын …
Адамдар буурчакты байыртадан эле тамак-ашка пайдаланышкан. Илимпоз-археологдор байыркы элдер мекендеген жерлерди казганда, буурчактын катып калган дандарын көп жолу табышкан.
Кочкор районундагы Чолпон айылында сайдын жээктеринде таштандылар ташталган. Бул нерсе жаратылышка дагы зыян келтирип жана айылдын көрүнүшүн бузуп жаткандыгы айтылганына карабастан айыл тургундары таштанды таштоодо.
Сокулук райондук мамлекеттик администрациясында Жаңы-Жер, Жаңы-Пахта айыл аймактарына караштуу шайлоо участкалык комиссиянын, катчылары, мүчөлөрү окутуудан өтүштү. Окутууда Кыргыз Республикасынын Президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча мыйзамдагы айрым өзгөрүүлөр, …
Кара-Суу айылында 2020-жылдын кыш мезгили өтүп жаткан кези. Жумуштун жоктугунан айыл тургундары илгеркидей эле өз чарбалары менен алектенүүдө.
Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы саясий абал туруктуу жана шайлоого даярдык кызуу жүрүүдө. Себеби, абалга айыл тургундарынын ынтымагы жана айыл башчынынын эмгегинин таасири чоң. Бул тууралуу айылдык кеңештин депутаты Бердибек …
Ат-Башы районунда, муктаж болгон үй-бүлөлөрдү колдоо максатында Ат-Башы райондук эмгек жана социалдык коргоо бөлүмүнүн ичинде атайын «Социалдык дүкөн» ачылды.
Ат-Башы районунун Ой-Терскен орто мектебинин окуучулары Эл аралык Тоолор жана Жер эне күнүн белгилешти. Бул демилгени аталган мектептеги Слоуфуд кыймылынын ыктыярчы окуучулары демилегелешкен. Акциянын алкагында окуучулар тоого чыгышып, жаратылышты коргоого …
Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицей байыркы кыргыз каада-салты менен кесиптик багытта билим берүү ыкмасын иштеп чыгышты. Бул ыкма келечектеги жаш дыйкандарды кесипке даярдоодо алардын жерге кылган мамилесин өзгөртүү үчүн сунушталат.
Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган сынак жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды. Маданият: Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» чыгармасын аткарышты Тимурлан Мелисбеков
Жаңы конституциянын долбоору коомдук талкууда болууда. Кээ бир саясатчылар баш мыйзамдын өзгөрүүсүнө караманча каршы болууда. Ал эми жергиликтүү тургундардын пикиринде мыйзам өзгөртүлсө, элеттиктердин жашоосу бир кыйла өзгөрөт эле дейт.
Ак-Талаа районундагы «Ак-Талаа жаштары» коомдук бирикмеси Германия кызматташтык уюмунун «Жаштар үчүн жаркын келечек» долбоорунун алкагында бир топ бир социалдык ишканаларды ачууга жетишти. Аталган долбоор жаштарга жумуш ордун түзүү, иш менен …
Токтогул районунда жаштар, аксакалдар кеңеши, активист айыл тургундары биригип, ысырапкерчиликке каршы акциясын өткөрүп жатышат. Жаңы-Жол, Торкен айыл аймактары жана Токтогул шаардык мэриясы маселени колго алып, жалпы эл менен чогулуштар өткөрүлдү. …
Талас районунун Көк-Ой айылынын жашоочусу Эрмек Жоробекова жетектеген “Бекнур” реаблитация борбору пандемияга карабай ишин улантып, борборго катталган балдардын ден соолугун чыңдоо иштерин жүргүзүп келишет.
Базар-Коргон райондук маданият бөлүмүндө улуу жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө жана 12-декабрь Улуттук адабият күнүнө карата Ч.Айтматовдун, «Биринчи мугалим» повестинен маданият үйүнүн жана китепкана кызматкерлеринин аткаруусунда сахналаштырылып коюлуп, иш чара өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча мыйзамдагы айрым өзгөрүүлөр, жарандардын коопсуздугу жөнүндө санитардык эпидемиологиялык алгоритмди так аткаруу боюнча окутууга, участкалык шайлоо комиссиянын төрага, катчылары мүчөлөрү катышты.
Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун 10-декабрдагы сессиясында дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алып берди. Учурдагы конституциянын өзгөрүшү боюнча, …
Ат-Башынын кулуну, калемин колунан түшүрбөй, поэзияга башын байлаган акын, журналист Шайлообек Дүйшеев быйыл 70 жашка толду.