18-июль күнү Кочкор районунун Эпкин айылында күндүзгү бөлүм ачылды. Күндүзгү бөлүм үчүн даярдалган орундуктар мектепке жана мектептин китепканасына жайгаштырылды.
Кочкор районунун Чолпон айылындагы күндүзгү бөлүмгө 2 кычкылтек концентратору белекке берилди.
Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагында эпидемиологиялык абал туруктуу болууда. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык. 21-июльга карата Кеңеш айыл аймагында коронавирусун жуктурган 5 жаңы учур аныкталды. Жалпы вирусту жуктуруп алгандардын саны 34кѳ жетти. …
Учурда Кыргызстандын бардык аймагында ар бир айылда айыл тургундары, айыл аксакалдары, Мекенден сыртта окуп-иштеп жүргөн жаштар пандемияны алдын алууда ар тараптуу жардамдарды көрсөтүшүүдө.
Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы Жал айылдык №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери айрым балдардын иммундук жетишүүсүн текшерүү максатында бир нече балдардан анализдерди алды. Бул иш- чаранын негизги максаты өзгөчө пандемия …
Кулатов айыл аймагындагы COVID-19 вирусунан жабыркаган адамдардын саны көбөйүп, абал курчуганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаты Махабат Мавлянова Кулатов элине жардам колун сунду. Жалпысынан депутат өз эсебинен 1050000 сом …
Тогуз-Торо районундагы жалпы билим берүүчү уюмдарынын 2019-2020-окуу жылындагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгарылды. Азамат уулу Калдыбай атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин бүтүрүүчүсү Айназик Жолдошова 196 баллга татыктуу болду.
АКШда эмгектенип жүргөн Суусамыр айылында туулуп- өскөн спорт чебери Керимбек Кушубаков үй- бүлөсү Токтоболот Кушубаковдун атынан Суусамыр айылдык ооруканасына тез жардам кызматы үчүн “Honda stepwagon» үлгүсүндөгү унаа жана кычкылтек концентраторун …
Бүгүн Ак-Талаа районундагы аймактык ооруканага, күндүзгү дарылоочу жайга жана Жаңы-Талап, Көк-Жар айылдарына экиден, жалпы алты даана кычкылтек концентратору берилди. Аталган каражаттарды Баетов айылдык кеңешинин депутаты Курманбек Абакиров үй-бүлөсүнүн атынан бир …
Ноокат районуна караштуу Баарын ҮМБнын №9 үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобуна жаңы тез жардам автоунаасы белекке берилди. №9 үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобу Кеңеш айыл аймагын тейлейт.
Кеңеш айыл ѳкмѳтүнүн Баарын ҮМБнын №9 үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобунда сегиз орундуу күндүзү кабыл алуучу стационар уюшулду. Анда бир дарыгер иш алып барат.
Лейлек райноуна караштуу Сумбула айыл Өкмөтүнүн Искра айылындагы 84 жаштагы жалгыз бой карыясы Кенже Минжигитовдун жашаган үйү жергиликтүү жаштардын демилгеси менен жана жергиликтүү бийликтин жардамы менен толук ремонттон өткөрүлдү.
Азыркы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, Америкада эмгектенип жаткан жердештерибиз демилге көтөрүп, Ат-Башы районуна 4500 долларга дары-дармек алып берип жиберишкен. Ал дарылар социалдык жактан муктаждарга жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге бекер берилет.
17-июлда Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылында айыл өкмөтүн шайлоо болуп өттү. Шайлоого жергиликтүү депутаттардын бардыгы катышып, басымдуу бөлүгү Уланбек Осмоновго добуштарын беришкен.
Тогуз-Торо райондук администрациясынын алдындагы демилгеси менен уюштурулган, кайрымдуулуктун алкагында жана атын атагысы келбеген жарандын атынан райондук ооруканага, 1 жасалма дем алдыруучу аппарат дарыгерлерге түшкү ысык тамагы менен берилди.
Базар-Коргондо калк саламаттыгына камкордук көрүүнүн дагы бир акциясы болду. Мындан 20 жыл мурда мектепти бүтүрүп кеткендер юбилейлик жолугушуу иш-чарасын уюштурууну токтотуп, ага карата чогулган каражатты адам өмүрүн сактап калуу ишине берүүнү …
Азыркы учурда жер-жерлерде илдеттин тез жайылышы айтылууда. Күндөн-күнгө күч алган вирус адам өмүрлөрүн да алып кетүүдө. Бул күнгө чейин жергиликтүү тургундар Covid-19 илдетинин бар экенине көп деле ишенип маани бербей …
Тогуз-Торо райондук А.Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик борборунун жетекчиси Нуржамал Дүйшеева райондук ооруканага колдоо көрсөткөн атуулдарга ыраазычылык билдирди.
“Баатырларга таазим” коомдук бирикмесинин активдүү мүчөлөрү аталган коомдук бирикменин төрайымы Кишимжан Таштакеева, экс-губернатор Койсун Курманалиева, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Арзыкан Момунтаева, коомдук ишмер Мурат Шамил, журналист Козубек Иманкулов, баатыр …
Кыйын кырдаалда Кыргызстандын жети облусунун айылы, шаары дебестен кайрымдуулук кылып элдерге керектүү дары-дармектерди тараткан белгилүү ырчы Анжелика Суусамыр айылынын дарыгерлерине эң керектүү болгон Клексан, Гепарин препараттарын, бир даана кычкылтек концентраторун …