Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Чыңгыз Айтматов балдар дүйнөсүндө

28-ноябрда Жайыл районунун Кара-Суу айылындагы “Ботокөз булак” бакчасында “Чынгыз Айтматов балдар дүйнөсүндө” аттуу семинарга райондун Билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Арыков, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Насипа Дженбаева жана Жайыл районунун …

28 Ноябрь 2018 жыл 19:32

Суусамыр айылында тургундардын ден-соолугу текшерилүүдө

Суусамыр айылында бир айдан бери айылдык ден- соолук комитетинин кызматкерлери ар бир айыл тургундарынын үйлѳрүн кыдырып, алардын ден соолугун жана артериялык кан басымын текшерип, анын жыйынтыгына байланыштуу, кээ бир адамдарды …

27 Ноябрь 2018 жыл 16:40

Айтматовдун 90 жылдыгына карата адабий кече өткөрүлдү

Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Коргол атындагы музей, китепканалар, маданият кызматкерлери жана мектептер менен биргеликте «Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына» карата адабий иш чара өткөрүштү.

27 Ноябрь 2018 жыл 10:11

Айылдык бала-бакчада күз майрамы болуп өттү

Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы Шералы Султаналиев атындагы бала бакчада «Берекелүү күз» аттуу концерт болду. Ал концертти 1 жаштан 6 жашка чейинки балдар, тарбиячылар жана ата-энелер менен биргеликте өткөрүштү.

26 Ноябрь 2018 жыл 22:35

Сүлүктүдөгү гимназияда «Айтматов ааламы» иш чарасы жыйынтыкталды

Сүлүктүдөгү гимназияда Айтматов ааламы аттуу иш чара жыйынтыкталды. Дээрлик бир ай бою гимназиянын китепканачысы Гүлсүнай Каракулова Тарабынан уюштурулуп келген иш чара бүгүн жыйынтыкталды. Иш чара 5-8 класстарынын гимназмсттеринин ортосунда конкурс …

26 Ноябрь 2018 жыл 20:20

Айыл ичинде көчө иттери көбөйдү

Куланак айылында кароосуз калган көчө иттери көбөйүп, айыл тургундарын түйшөлтүүдө. Ачка болгон иттер короодогу малга кол салып, кээ бир учурда жеп кетишүүдө. Айыл элинин көпчүлүгүн тынчсыздандырган көйгөй бул көчө иттеринин …

26 Ноябрь 2018 жыл 18:06

Сүлүктүдө алгачкы жолу профессионалдык деңгээлде ток-шоу өткөрүлдү

 Сүлүктү шаары боюнча алгачкы жолу профессионалдык деңгээлде ток-шоу өткөрүлдү. Сүлүктү шаарынын вице-мэри Марзия Сапаркулова баш болуп катышкан бул иш чарага милиция кызматкерлери, кесипкөй мугалимдер жана гимназист окуучулар катышты. Ток-шоу Сүлүктүдөгү …

24 Ноябрь 2018 жыл 20:31

Сүлүктүдөгү №4-мектепте окутуунун инновациялык ыкмалары колдонулууда

Сүлүктү шаарындагы Жолбаев атындагы орто мектепте окутуунун инновациялык ыкмаларын колдонуп терең билим алууга жетишүүдө.

24 Ноябрь 2018 жыл 19:55

«Чынгыз Айтматов — жер шаарынын атуулу» видеоролик сынагы

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Чыңгыз Айтматов – жер шаарынын атуулу» республикалык сырттан өтүүчү видеороликтер (видео сюжеттер) сынагына Баетов айылындагы Бейшеналиев атындагы орто мектебинин да окуучулары активдүү катышышты.

23 Ноябрь 2018 жыл 22:14

Айыл тургуну гүлдөрдүн түрүн багуу менен алектенет

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Жылдыз Кыдырбаева көп жылдан бери гүлдүн ар кандай түрлөрүн өстүрүү менен алектенет.

23 Ноябрь 2018 жыл 21:51

Мектепке уюлдук телефон алып келүүгө тыюу салынды

Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 27-сентябрда болуп өткөн ата-энелер чогулушунда окуучуларды сабак учурунда уюлдук телефонго алагды болуусунан арылтуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп, ата-энелердин макулдугу менен окуучуларга сабак учурунда уюлдук телефон колдонуусуна …

23 Ноябрь 2018 жыл 21:44

Кетмен-Дөбө айыл аймагында аба-арайы катаал болууда

Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагында акыркы 20 жылда мындай аба-ырайы катталган эмес дешет Терек-Суу айылынын улуу курактагы тургундары.

23 Ноябрь 2018 жыл 14:29

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн иштери боюнча элдик чогулуш болду

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылда аткарган иштери боюнча элдик чогулуш болду. Чогулуш 21-ноябрь күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Майорбек Сатымкулов жана райондук мекеме жетекчилеринин катышуусунда жүрдү.

23 Ноябрь 2018 жыл 12:55

Айылдык айымдар таттуу азыктарды жасап ишкерлик кылышат

Нарын облусунун Куланак айылында айрым айымдар өз колунан жасалган таттуу азыктарды айыл тургундарына сатышууда. Бул жумуш менен алектенген айымдарды кепке тарттык.  Куланак айылында көптөгөн айымдар жумуш орду менен камсыз болушкан …

22 Ноябрь 2018 жыл 21:49

Тогуз-Тородо спорттук оюндар өткөрүлдү

Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунда Тогуз-Торонун ар тарабынан бириккен «Тогуз-Торо жаштар биримдиги» жана Отор Чопиев атындагы  Тогуз-Торо райондук балдар өспүрүмдөр спорт мектеби менен биргеликте «Спорт тынчтыктын жарчысы» деген аталыштагы спорттук …

22 Ноябрь 2018 жыл 21:27

Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленди

Сары-Булуң айыл аймагындагы №7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде «Чыңгыз Айтматов 90 жашта» деген аталыштагы фестиваль болуп өттү.

20 Ноябрь 2018 жыл 15:47

Сүрөтбаян: «Ааламдан алган даңк» аттуу мугалимдер арасында сынак

«2018-жыл Аймактарды ѳнүктүрүү жылына», Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылындагы Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебинде «Ааламдан алган даңк» аттуу мугалимдер арасында ѳткѳрүлгѳн таймаштан өткөрүлдү. 

19 Ноябрь 2018 жыл 11:50

«Аракет» фонду окуучулар арасында олимпиада өткөрүп, баалуу белек тапшырышты

17-ноябрда Бейшеналиев атындагы орто мектебинде «Аракет» фонду тарабынан кыргыз тили, англис тили, математика сабактары боюнча олимпиада болуп өттү. Олимпиадага райондун 18 мектебинен келген 4-11-класска чейинки окуучулар катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

17 Ноябрь 2018 жыл 21:06

Төкмө акын Рыскул Сейнеловду эскерүү кечеси өттү

Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылынын Калмурат атындагы маданият үйүндө манасчы, төкмө акын Сейнелов Рыскулдун эскерүү кечеси болду. Эскерүүгө анын замандаштары жана айылдын ак сакалдары келип катышышты. 

17 Ноябрь 2018 жыл 20:29

«Мен жана менин укугум» радиосериалы жарык көрдү

Учурда Кыргызстанда аялдардын укуктары көпчүлүк учурда корголбойт. Көбүнчө аялдар укуктарын билбейт жана бул тууралуу маалыматы аз болуп келет. Бакай-Ата радиосунун жамааты аялдардын укуктары тууралуу маалыматтык радио-сериал жаратты. Жалпысынан 5 радио-сериал, …

17 Ноябрь 2018 жыл 19:30

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...