Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Көчмо оорукана айыл тургундарын медициналык кароодон өткөрдү

Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы №3 Үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунун бөлүмүндө Нарын районунун борбордук ооруканасынан атайын көчмө бригада келип айыл тургандарын бекер ден-соолуктарын текшерип, кароодон өткөрүштү.

20 Май 2018 жыл 23:24

“Кош бол башталгыч класс “кечеси өткөрүлдү

№7 Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 4-класстын “Кош бол башталгыч класс” аттуу кечеси болуп өттү. Бул тууралуу 4-класстын класс жетекчиси Фарида Абдрасулова буларды билдирди: “ Быйыл башталгыч классты …

20 Май 2018 жыл 0:45

Кара-Коюн жайлоосунда малчыларда байланыш жок

Кара-Коюн жайлоосу Бакай-Ата айыл аймагынан 35 километр алыстыкта, бул жайлоо Шадыкан жана Бакай-Ата айыл өкмөттөрүнө караштуу. Кышы-жайы, жайлоодо 30га чукул үй-булө жашап, мал багуу менен алектенишет. Бул жайлоодо жалпысынан 245 …

19 Май 2018 жыл 23:16

Сумбуланын селканаларына габион торчолор орнотулууда

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында селканалардын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлүп жатат. 

19 Май 2018 жыл 17:18

Мугалимдер үчүн методикалык семинар болду

Сокулук районунун Жал айылындагы Мамыралиев атындагы орто мектеп- гимназиясында 16- майда методикалык семинар болду. КРнын Президентинин «2018-жылдын региондук өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү» Указын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү. 

19 Май 2018 жыл 15:19

Сумбулада мектепте от оюну майрамдалды

18-майда Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Манас атындагы орто мектебинде от оюну майрамдалды. Бул майрам мектепте 6 жылдан бери бүтүрүүчүлөргө арналып, уюштурулат.

19 Май 2018 жыл 14:40

Окуучуларга шире үчүн мектепке алма көчөттөрү отургузулду

Ысык-Көл обласынын Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы мектепке Мерсико уюму тарабынан “Мектеп алдындагы бак” проектиси боюнча 96 түп алманын көчөттөрү отургузулганына бир ай болду. Көчөтөрдүн бардыгы жалбырак …

19 Май 2018 жыл 14:32

Арал айылынын тургуну Эсенкан Осмонакунова кол өнөрчүлүк менен алектенет

Ысык-Көл обласынын Түп районуна караштуу Арал айылынын тургуну Эсенкан Осмонакунова шырдак шырып жана ошондой эле сайма саят.

19 Май 2018 жыл 13:20

Сүлүктүдө лидер окуучулардын семинары болду

Сүлүктү шаарындагы бардык мектептердин, гимназия жана лицейлердин лидер окуучуларынын катышуусу менен семинар өттү.

18 Май 2018 жыл 6:02

Айыл тургундары “Милдеттүү түрдө камсыздандыруу” боюнча маалымат алышты

2016- жылдан бери “Турак жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруу” мыйзамы күчүнө кирген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин Талас облусундагы Бакай-Ата айылынын тургундары бул мыйзам боюнча маалыматы аз болгон.  «Бакай- Ата FM» жамааттык …

18 Май 2018 жыл 0:29

Барскоондогу жаштар саясаты түз эфирде талкууланды

2018- жылдын май айынан баштап, «Демократия сааты» программасынын түз алып баруусу өткөрүлүп баштады. Мындан кийин дагы аталган долбоор боюнча демократияга байланышкан ар кандай темалар менен обого чыгабыз жана фейсбук баракчабызда …

15 Май 2018 жыл 22:18

Мен жашаган аймактын экологиялык абалына көз жума албайм

Биз Ысык-Көлүбүздүн экологиясына өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Анткени, көл бул жакынкы арада өтө өнүгүүгө жетүүчү туристик пункт болоору белгилүү. Кээ бирлерге таза жашоонун кереги жокпу же жөн гана жерге ташталган …

15 Май 2018 жыл 21:30

Элдин жашоосун оорлоткон көпүрө качан оңдолот?

Ак-Талаа районунда  Нарын дарыясын кесип өтүүчү көпүрө 2017-жылы жараксыз абалга келгендикен оңдоо ишине берилген. Эң алгач көпүрө союз учурунда 1967-жылы курулган. Жараксыз абалга келгенде 1981-жылы ремонттон өткөрүлгөн. Кайрадан көпүрө урап …

15 Май 2018 жыл 19:16

Таза суу алган кудуктар ачык бойдон калууда

Жайыл районунун Суусамыр айылындагы таза суу түтүктѳрү бузулуп, жанындагы кудуктардын оозу ачылып калганына беш жылга чукулдап калды. Айыл тургундары ичинен чака менен суу тартып алууга мажбур. Буга чейин биз бул …

15 Май 2018 жыл 16:42

Сумбулада сел жүрдү

13-май күнү Сумбула айыл аймагынын Сары-Дөбө айылында саат 16:12 ден 16:18 ге чейин болгон катуу жаандын айынан айылда сел жүрдү. Натыйжада бир нече сарайлар жана эгиндер суу астында калып, жолдор …

14 Май 2018 жыл 23:59

Мектеп кулап калуу коркунучунда турат

  Жалал-Абад областына караштуу Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагындагы №7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби кулап калуу коркунучунда турат.

14 Май 2018 жыл 15:04

Суусамырлык Айдатка Кадыржанова космонавт менен жолукту

Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинин 1-классынын окуучусу Айдатка Кадыржанова Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын баатыры, космонавт Салижан Шарипов менен жолугуп, кыялы орундалды. 

13 Май 2018 жыл 14:52

«Жергиликтүү тургундар ижарага жерди кантип ала алышат» деген темада талкуу болду

Сары-Булуң айыл аймагында жергиликтүү тургундардын ижарага жер алуусунда көйгөйлөр көп жаралгандыктан «Жергиликтүү тургундар ижарага жерди кантип ала алышат» деген теманын үстүндө маек курушту.

13 Май 2018 жыл 2:10

«Келечекте кең көз караш» аталышындагы семинар болуп өттү

Жалал-Абад областына караштуу Тогуз-Торо районунда «Тогуз-Торо жаштар биримдиги» тарабынан уюшулган «Келечекке кең көз караш» аттуу мотивациялык семинар болуп өттү.

13 Май 2018 жыл 2:10

Тогуз-Тородо 60 жаштан жогорку аксакалдар арасында волейбол оюну болуп өттү

Тогуз-Торо районунун  Макмал орто мектебинде аксакалдар арасында зоналдык этап өттү. Оюнда 5 айыл аймактын аксакалдары ат салышып, аягында Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу курама командасы 2-орунду ээлешти.

12 Май 2018 жыл 23:37

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...