Лейлек районуна караштуу Сумбула айылына жаңы кичи футбол аянтчасы курулууда. Буга чейин айылда мындай аянтча болбогондуктан футбол сүйүүчүлөр Лейлек районунун борбору Исфана шаарына барып ойноп келчү.
Токтогул сууу сактагычынын сыйымдуулугу 19.5 млрд кубометр, аянты 284 чарчы километр. Быйыл, 2017-жылы кардын жана жаан-чачындын көп болгондугуна байланыштуу Токтогул суу сактагычында суу көп болуп, көл жээгинде жер баккан дыйкандардын …
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев мектебинин ашканасына таза суу киргизүү үчүн кудук казылып жатат.
Лейлек районундагы Сумбула айылында окуучулар жайкы каникулду кандай өткөрүп жатышат? Бул суроо менен мектеп окуучуларына жана ата-энелерге кайрылып көрдүк.
Лейлек районуна караштуу Андарак айылында 10-класста окуган Хамзамон велосипед оңдоп, каражат жагынан үй-бүлөсүнө жардам берет. Ал күнүнө он велосипед оңдойт.
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан №5 Кызгалдак балдар бакчасы 39 жылдан бери иш алып барып келет. Балдар бакчасы тууралуу кененирээк малымат алдык.
Кызыл-Туу айылынын Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинин окуучуларын Польшадан келген Эвелена «Кыргыз асманынын алдында» деген долбоору менен тааныштырып кетти. Балдар асмандагы жылдыздарды телескоп менен кɵрүүнү үйрɵнүштү.
Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы Эргеш көчөсүндө кудуктан жер алдынан насос менен сордурулуп алынган таза суу чыгат. Айылдагы үч көчөнүн эли айына 20 сомдон төлөп, ушул жерден таза суу алып пайдаланышат.
Токтогул районундагы айтылуу Узун-Акмат дарыясынын башында алтын кени бар экендиги СССР мезгилиндеги геологиялык чалгындоолордон аныкталган.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын талааларында каракурт көбөйдү. Быйыл каракурттан жабыркагандардар каттала элек. Өткөн жылы төрт адам жабыр тарткан.
Мен сɵз кыла турган айым, биздин мектепте 4 жылдан бери биомаданий ар түрдүүлүк жана салттуу билимди окутуу боюнча мугалимдерди жана окуучуларды үйрɵтүп келген Жанар Алгожоева эже болмокчу.
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын мал доктуру Бакыт Чороевге «Арис» программасы тарабынан мотоцикл ыйгарылды.
Нарын районуна караштуу Жерге-тал айылында Улуттук каада-салт фестивалы болуп ɵттʏ.Фестивалда кɵчмɵн кыргыз элине тиешелʏʏ болгон улуттук буюмдар,улуттук каада-салт, оюндар кɵрсɵтʏлдʏ.
Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылынын тургундары ɵздɵрү каражат чогултуп, кɵчɵлөрдү жарыктандырып алышкан. Аудио: Жерге-Тал айылынын көчөлөрүнө тургундар өздөрү жарык коюшту
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын жайлоолорунда быйыл мал өлүмү көп катталууда. Бул илдеттерге каршы вакциналардын жетишсиздигинен улам болууда.
Бүгүнкү күндө уюлдук телефонсуз жашообузду элестетүү кыйын. Муну заманбап адам тана албастыгы анык. Уюлдук телефон башында байланыш үчүн гана колдонулса, кийинчерээк анын жазуу китепчеси, сааты жана ойготуучу коңгуроосу пайда болду. …
https://www.playbuzz.com/attokurovaumutai10/5-16-2017-10-43-20-am
Сумбула айыл аймагынын Айна-Таш жайытында 8-июль күнү “Картошка талаа күнү” аттуу семинар болуп өттү. Семинарга ар кандай уюумдар, райондун, айыл өкмөттөрүнөн келген фермер-дыйкандар катышты.
Ак-Талаа районундагы Байгөнчөк айылында козулар уйду ээмп көнүп алышкан. Бул тууралуу мал жандыктарын караган айыл тургуну Кубанычбек Моңолбаевди кепке тарттык.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын Андарак, Искра айылдарына «Кыргыз телекомдун» демилгеси менен кабелдик интернетке туташтыруу иштери жүрүп жатат. Кабелдик интернет август айынан баштап иштейт.