Суусамыр айылынын тургундарынын көпчүлүгү Бишкек-Ош жолунда соода-сатык менен алектенишет. Жол боюндагы тургундар бир сезондо 200 миң сомго чейин акча табышат.
Өзү тракторист болсо дагы көп кырдуу өнөрдүн ээси Нургазы Кыдыралиев Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну.
Күндөн-күнгө ата-энелерди таң калтырып, балдардын акыл-эсинин өнүгүшүнө арналган ар кандай жаңы саамалыктар чыгып жатат. Учурда алардын эң популярдуусу болуп менталдык арифметика эсептелет.
Түп районунун Карасаев айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 849 миң сом бөлүнүп, тендер аркылуу Тасма, Токтоян айылдарынын ички жолдору оңдолуп жатат.
Тынчтык Бугучиев Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында туулуп өскөн. Кичине кезинен эле кино тартууну кыялданган каарман учурда сегиз даректүү жана жети көркөм тасмалардын автору.
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын мектебинде оңдоо иштери жүрүүдө.
Жай мезгили келип мектеп окуучуларынын жайкы эс алуусу кызып турган учуру. Жайкы каникул балдардын эс алуусу үчүн уникалдуу мезгил. Бул учур эс алып, күч топтоп, жаңы досторду күтүп, көптөгөн кызыктуу …
Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылынын суу сордуруучу жайы көп жылдан бери курчалбай келет. Бул айыл тургундарынын жашоосуна коркунуч туудурууда.
Алтынбеков Алинур Ак-Талаа районундагы Көк-Жар айылынын бир жарым жаштагы тургуну, беш бир туугандын кенжеси. Тубаса журөк кемтиги менен төрөлгөн Алинурдун абалы учурда оор.
Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүндө жакынкы аралыктан бери 92-069 номерлүү ишеним телефону иштей баштады. Бөлүмдүн башчысынын орун басары М.Ашырбаевдин айтымында, чалуулар райондун бардык аймагынан кабыл алынат.
Түп районуна караштуу Тасма айлындагы кыска мөөнөттүү бала бакча үчүн жаңы ажаткана салынууда. Андан тышкары бала бакчага оюн аятчасына атайын каруселдер орнотулуп, балдарга дагы көптөгөн оюнчуктар жана заманбап парталар алып …
Ак-Талаа районундагы төрт айылды райондун борбору менен байланыштырып турган көпүрө жабылганына бир топ убакыт болду. Бул арада айылдарда жашоочуларга түшүндүрүү иштери жүргузүлүп, медпункт жана башка зарыл кызматтар ачылды.
Республикага белгилүү коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты Карыпбек Асановдун “Кечиккен дептер” аттуу ыр жыйнагы жакында жарык көрдү. Китепке коомдук ишмердин калеминен жаралган 100гө жакын ырлары кирген.
Талас мамлекеттик университетинин илимий китепканасы студенттер менен профессордук-окутуучулар курамынын маалыматтык муктаждыктарын камсыздоого, китепканалык жана маалыматтык-библиографиялык тейлөө көрсөтүүгө негизделген.
Түп районуна караштуу Тасма айылында ашпозчулук кесиби боюнча окуу жүрүүдө. Окуу 7-июнда башталып, азыркы тапта окуучулар практикалык иштерди аткарып жатышат.
Токтогул районунда 2016-жылдын апрель айында менталдык арифметика курсу ачылган. Курс ачылгандан бери окуучулар олимпиададан жакшы орундарга ээ болуп келүүдө.
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек атындагы орто мектебинде оңдоо иштери жүрүүдө. Жыл сайын мектепти жайкы каникулда оңдоп, сырдашат.
Бүгүнкү күндө Талас шаарында унаа жуучу жайлар ачыла баштады. Бул чыгарылышта ушул жайлар жөнүндө сөз кылабыз.
Бүгүнкү күндө Суусамыр өрөөнүндөгу орчундуу маселелердин бири — жол боюндагы ачык кудуктардын көп экени.
Талас облустук сотунда 2017-жылдын 16-июнунда «Жергиликтүү соттордун аппарат кызматкерлери үчүн иш кагаздарды жүргүзүүнүн сапатын жакшыртуу» деген темада семинар өткөрүлдү.