Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Үч-Коргон мультимедиа борборунун ыктыярчылары Бишкек шаарында тренингге катышууда

Бишкек шаарында «Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана Медиатехнологиялар Мектеби» тарабынан тренинг уюштурлуп, ага Үч-Коргон мультимедиа борборунун ыктыярчылары да катышууда.

27 Февраль 2018 жыл 9:26

Барскоон: Грек-Рим күрөшү ийгилик жаратууда

«Спорт-ден соолуктун булагы» дегендей Барскоон айыл жаштарынын суранычынан улам айылдык мектепке Грек-Рим күрөшү боюнча машыгуу залы ачылган. Күрөшкө жалпысынан отуздан ашык мектеп окуучулары катышат. 

25 Февраль 2018 жыл 22:10

Талантты да багыш керек

Нарын районунун Куланак айылынын тургуну Жылдыз Абдыразакова көп кырдуу таланттын ээси. Ыр жазуу, кийиз, жүндөрдү иштетүү, курак куроо менен алектенет.

25 Февраль 2018 жыл 13:25

Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү боюнча аукцион болду

Жайыл районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн имаратында ФПС тин (айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фонду) арендага берилүүчү жерлери аукционго коюлуп, Кара-Суу айыл аймагынын тургундары жана башка жарандар аукционго катышышты.

25 Февраль 2018 жыл 9:30

Мамыткан Иманалиев мектебинде «Желе» интеллектуалдык сабагы өткөрүлдү

Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы Мамыткан Иманалиев орто мектебинде «Желе» интеллектуалдык сабагы өткөрүлдү. Ал сабакка 8-9-10-11-класстын окуучулары катышты.

24 Февраль 2018 жыл 23:55

Мамыткан Иманалиев орто мектебинде Мекенди коргоо күнү белгиленди

Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы Мамыткан Иманалиев атындагы орто мектебинде 23-февраль Мекенди коргоо күнүнө карата концерт өткөрүлдү. Бул концерт кыздар уюму тарабынан коюлган.

24 Февраль 2018 жыл 23:45

Кызыл-Жылдыз айылында жеке ишкер тоок фермасын иштетип баштады

  Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы жеке ишкер Урмат Табышовдун тоок фермасы иштеп жатат.

24 Февраль 2018 жыл 23:16

Шаңкол айылына балдар бакчасы ачылды

Ноокат районуна караштуу Шаңкол айылына балдар бакчасы ачылды. Балдар бакчасынын курулганын себеби, айылда балдар көп болуп, мурунку бала бакчага батпай, бала бакчага бара албай калган.

24 Февраль 2018 жыл 22:06

Эшбай Токсобаевдин өмүр чыгармачылыгы КТРК каналында көрсөтүлдү

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебине КТРК нын кабарчылары 28-декабрь айында Эшбай ата жөнүндө жаңылык жазып кетишкен. Бул жазылган маалымат «КТРК» жана «Маданият» каналында жарык көргөн.

24 Февраль 2018 жыл 17:45

Менталдык арифметика боюнча окуучулардын алгачкы олимпиадасы болду

Нарын районунун Куланак айылында окуучулардын жана ата-энелердин каалоосу менен мектепке менталдык арифметика боюнча ийрим ачылган. Окуп жаткан окуучулардын алгачкы олимпиадасы Аралбаев мектебинде 16-февралда болуп өттү.

24 Февраль 2018 жыл 13:40

Куланакта «Бар бол жоокер»сынагы өткөрүлдү

Нарын районунун Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата «Бар бол жоокер»аттуу сынак өткөрүлдү. Сынакка 9-10 жана 11-класстан төрттөн окуучу бала катышышты.

24 Февраль 2018 жыл 12:47

Учкун айылындагы эски мектеп жылыбай жатат

Нарын районуна караштуу Учкун айылында башталгыч класстар окуган эски мектеп жакшы жылыбай, окуучулар кышкы кийим менен отурушат. Мектептин жылуулук системасын камсыз кылган көмүр 2017-жылдын 8-августунда 59 тонна келип түшкөн болсо, …

24 Февраль 2018 жыл 12:10

Шаңкол айылына азык-түлүк дүкөнү ачылды

Ноокат районуна караштуу Шаңкол айылына азык-түлүк дүкөнү ачылды. Бул дүкөндү курууга 350000 эсебиндеги каражат сарпталган. Бул дүкөндө азыркы учурда 150000 сомдук азык-түлүктөр бар.

24 Февраль 2018 жыл 11:57

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн көчөлөрү жарыктандырылды

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн көчөлөрү жарыктандырылды. Көчө жарыгы Архимед Турдубеков аттуу борбордук көчөлөрүнө тургузулган жана 3 километрге жакын көчөлөр жарыктандырылды.

24 Февраль 2018 жыл 10:31

“Мекенди коргоо күнү”

Т.Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 23-февраль Мекенди коргоо күнүнө карата кыздар арасында таймаш өттү.  

24 Февраль 2018 жыл 1:52

Сары-Булуң мультимедиа борборунун кабарчылары Жогорку Кеңеште экскурсияда.

Сары-Булуң мультимедиа борборунун кабарчылары Жогорку Кеңеште экскурсияда болушту. Мультимедианын кабарчылары  Азем Маратова, Нуриза Рыскулова жана координатору Анара Мааметовалар барышты.

24 Февраль 2018 жыл 1:35

Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары Кыргыз радиосунда маек курушту

Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунун координатору жана кабарчылары Кыргыз радиосунда “Кутман таң” программасында маек курушту.

23 Февраль 2018 жыл 19:51

Айылдын устасы

Сары-Булуң айыл аймагына караштуу  Кара-Суу  айылынын  тургуну  Элчибек Мөкүшов өз колу менен түрдүү эмеректерди жасайт.

23 Февраль 2018 жыл 18:58

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө арка тургузулду

Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө арка курулду. Арканы курууга 1 айдан ашык убакыт кетти. Арка айыл өкмөттүн эсебинен курулуп, айыл өкмөт башчысынын демилгеси болду. Бул арканы айыл өкмөттүн кызматкерлери …

23 Февраль 2018 жыл 15:38

Таласта түнкү рейд учурунда 22 жаш өспүрүм кармалган

Талас шаарынын аймагында “Подросток ночь” аталыштагы атайын рейд өткөрүлгөн. Бул рейддин максаты жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу жана профилактика жасоо. Бул рейддин аты айтып тургандай өспүрүмдөрдүн түнкү саат  22:00 …

23 Февраль 2018 жыл 13:04

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...