Адель жалпысынан чет өлкөлүк жети университетке тапшырган. Кубанычтуусу, алардын бардыгынан ийгиликтүү өтүп, университеттер кабыл алган. Европа жана Азиянын алдыңкы окуу жайларындагы гранттык орундарды кантип багынтканын Адель бизге берген маегинде айтып берди.
Бишкек шаарындагы №61 мектептин бүтүрүүчүсү Адель алдыда студенттик күндөрүн Франциянын Тулуза шаарында баштайм деп турган убагы. Жети университет ичинен Тулуза Бизнес мектебин өзүнүн илимге кызыгуусу жана окуу жайдын рейтинги менен түшундүрдү.
«Бул багыт мен үчүн абдан кызыктуу. Анткени, мага бала кезимден бери адамдар тарабынан ойлонуп жүзөгө ашкан экономикалык машина кандай иштээри, анын канчалык татаал экени абдан кызык болчу. Буюрса, бул тармакта татыктуу билим алып, аны тажрыйбада колдоном деген ниеттемин. Анан калса, бул бизнес мектеби дүйнө жүзүндөгү ири 90 бизнес мектебинин бири экен.»
Адель багындырган жети университеттин арасында бир гана Батыш өлкөлөрүнүн эмес, Корея, Кытай өңдүү ири Чыгыш өлкөлөрү да болгон.
«Эки жогорку окуу жайдан толук грант утуп алдым. Андан тышкары, дагы бир университетте 80%, башкасында 70%, дагы биринде 50% грант түрүндө өттүм. Ал эми калган эки университет мени кабыл алды, бирок аларга анча көп эмес төлөм төлөшүм керек эле. Мен булардын арасынан Франциянын Тулуза шаарындагы эң алдыңкы бизнес мектебин тандап алдым. Негизи Гонконг менен Фрнацияны тандоосу болуп, ойлонуп калдым. Акыры Европа өлкөсү катары Францияны тандадым. Себеби, мен өзүмдүн мүнөзүмдү дагы француздардыкына окшоштурам.»
Адель келечекте бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнөлүк аренадагы адис болууну максат кылган. Чет өлкөлүк ири компанияларда тажрыйба топтооону гана эмес, башка өлкөнүн жашоосу, элинин турмушу менен жакындан тааныш болсом дейт.
«Менин талаптарымды камсыздаган окуу жайга тапшырдым деп эсептейм. Мен бул үчүн кубанычтамын. Мага дагы бир кызык нерсе — мен барып окуй турчу өлкөнүн жашоосу, менталитети. Жалпысынан, адам үчүн ар тараптуу болуу эң маанилүү. Эгер, адам ар дайым бир коомдо, бир жерде эле жүрө берсе башка жерди көрүп жүргөн адамга салыштырмалуу анчалык оң жыйынтыкта боло бербейт деп ойлойм. Ооба, Францияга кетүүдө бир аз коркунуч бар. Ал башка өлкөдө жалгыз болуп калуу деген коркунучтуу ойлордон улам пайда болот. Бирок, мен Франциядан өз адамдарымды табам деп ишенем. Адам өз жан дүйнөсүнө жакын адамдарды баардык жерден таба алат деген ойдомун. Ошондуктан, Франциядан бир идея, бир максатты, бир баалуулуктагы адамдарга жолугаарымдан күмөн санабайм. Бир четинен басып өткөн күндөрдү бул жерге калтырып кетип жатканым менен, жаңы жашоону баштаганы сапар тартаарым мени кубандырып жаткан учуру.»
Адель чет өлкөгө билим алууга бала кезимден дарядандым дейт. Анткени, ал 3-класстан тарта англис тилин үйрөнгөн. Андан кийин немис тилин да өздөштүргөн.
«Францияда мен англис тилинде окуйм. Чет өлкөгө окууга тапшырууда эң маанилүү нерсе – чет тилин билүү. 3-класстан тарта англис тилин үйрөнүп, 10-класска келгенде чет өлкөдө билим алам деген ой менен катуу даярдык башталды. “Келечектин лидерлери” аттуу сынакка катыштым. Бул проект кыргызстандык жаштардын чет өлкөлүк ЖОЖдорго өтүүсүнө жардам берет. Англис тилине TOEFL, ошондой эле биздин ЖРТнын аналогу болгон CSAT тестти тапшырдым. Бул тест англис тилинде болуп, тапшыруучунун критикалык, математикалык, логикалык ой жүгүртүүсүн ж.б текшерет.
Андан соң мен эссе жазууга даярдана баштадым. ЖОЖго тапшырууда дагы эссе жазуу манилүү бөлүктү ээлейт. Кээ бир университеттер мотивациялык кат же эссе жазууну талап кылат. Аларды суроолору ар түрдүү болушу мүмкүн. Комиссия абитуриент алардын университетине төп келеби, жокпу абдан кылдаттык менен текшерет. Эссе жазууда өзүнүн жол жоболору бар. Бирок, башкысы чынчыл, ачык жана алар үчүн кызык болуу керек. Андан соң, интервью болот.»
Чет өлкөлүк окуу жайлар бир гана академиялык билимине эмес, адамдык сапатына, коомдогу иштердеги активдүүлүгүнө да маани берет. Адель, буга чейин “Ак илбирс” жана “Күз Деми” сыяктуу марафондор жана ар түрдүү иш-чараларда ыктыярчы болгон. Ал, билим алуума жана ар тараптуу өнүгүүмө ата-энемдин салымы зор дейт.
«Мен кадимки кыргыз үй-бүлөсүнун кызымын. Башкалардай элебиз. Мага билимдүү болууга, амбициялуу максаттарды коюуга шык берген үй-бүлөмө ыраазымын. Алар мени ар тараптан колдоп келишет. Эмне себептен мен бала кезимден чет тилдерин окуп баштадым. Себеби, ошол кезде эле ата-энем мага тил үйрөнүү канчалык маанилүү экендигин түшүндүргөн. Мындан тышкары, менин мугалимдерим билимди пропагандалаган, билимге шыктандырган адамдар болду.»
Кесип, карьера жана билим алуу тууралуу окуңуз.
Касиет Кубанычбек кызы