1. ЕАЭБден Кыргызстан эмнени күткөн?
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн аймагында товарлардын, кызматтардын, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркиндиги каралган. Жөнөкөйлөтүп, эки нерсени белгилесек болот: Россия, Казакстан, Армения, Белорусь камтылган чоң рынокко эч тоскоолдуксуз чыгууга жана мигранттарыбыз бул өлкөлөрдө эркин иштеп-жашай алышына жол ачылды.
2. Бул төрт эркиндик ишке ашып жатабы?
Президент Садыр Жапаровдун айтымында, ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктар жоюла элек. Кыргызстанга караганда үчүнчү өлкөлөрдөн РФке жүк жеткирүү арзаныраак жана тезирээк ишке ашууда. Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, 2016-жылы уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы соодада 364 тоскоолдук катталса, бүгүнкү күнгө чейин алардын төрттөн бири гана жоюлган. 2022-жылдын 1-ноябрына карата 11 тоскоолдук жана 37 чектөө турат. Казакстандык эксперт Акимжан Аруповдун эсебинде, бир эле тоскоолдукту жоюу бизнестин транзакциялык чыгымдарын 100 млн долларга төмөндөтөт.
Баса, тоскоолдуктар ЕАЭБдин ички гана эмес, тышкы соодасын да артка тартууда. 2022-жылдын башына карата ЕАЭБдин соода өнөктөштөрүнөн 88 чектөө чаралары катталган. Алардын эң көбү Кытайдан. Бул тоскоолдуктар тууралуу бизде талкуулар жокко эсе, анткени Кыргызстандын ЕАЭБдин жалпы экспортундагы үлүшү азырынча өтө эле аз.
3. Кыргызстан товар жүгүртүүдө кандай тоскоолдуктарга бет келүүдө?
Талаптар сакталган жок деген негизде Россия Кыргызстандын тонналаган айыл чарба азыктарын артка кайтарган учурлар көп. Мунун объективдүү себептери да бар: бизде ЕАЭБ стандарттарын аткаруу үчүн керектүү инфраструктура толук ишке салына элек. Мындан сырткары Казакстан Кыргызстандын жүк ташуучу унааларын кошумча текшерүүлөргө алып, товар жеткирүүдөгү үзгүлтүктөн улам ишкерлер чыгымга кабылууда. Буга кошо чек арада бейрасмий төлөмдөр алынарына даттанышкан. Кошуна өлкө аткезчиликтин алдын алуу үчүн ушундай кадамдарга барганын айтып келет. Бул маселе өткөн жылы президенттер деңээлинде да көтөрүлдү. Эксперттер болсо чечимдер кагаз жүзүндө калып жатканын айтышат.
4. Россиядагы мигранттардын жашоосу жеңилдедиби?
Кыргызстан уюмга мүчө болгондон кийин эмгек мигранттары бир катар артыкчылыктарга ээ болду: жумушка уруксат, патент алуудан бошотулду ж.б. Бирок бул аралыкта мигранттарды текшермей токтогон жок. Маселе ЖКда көтөрүлүп жатты. Ушул жылдын 10-январына чейин мигранттар медициналык кароодон өтүп, биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керек. Мунун баары Москванын четиндеги “Сахарово” деген борбордо жасалат, ал жакка жетип, кезек күтүүгө өтө көп убакыт кетет. Ашыкча чыгым, копол мамиле, анализдер боюнча бүдөмүк жыйынтыктар кыргызстандыктарды бушайман кылууда. Медкароодон өткөн 10 кишинин экиси “анализи начар” деген негизде андан аркы текшерүүлөргө жиберилип жатканы маалым болду.
5. Мигранттардын келген акчанын көлөмү азайдыбы?
Украинадагы согуш, рублдин алсызданышынан улам Россиядан Кыргызстанга акча которуулар 32%га төмөндөйт деп Дүйнөлүк банк өткөн жазда болжогон. Чынында эле март айында мигранттардан келген акчанын көлөмү азайды, бирок апрелден көрсөткүчтөр кайра эле өйдө карай жылды.
“Россиядан Кыргызстанга акча которуулар апрелде калыбына келди. Мындай өсүүнү өлкөлөрдүн ортосунда көп адамдардын жер которушу жана рублдин долларга карата бекемделиши шарттады”, — деп айтылат Евразия өнүктүрүү банкынын баяндамасында.
Улуттук банктан билдиришкендей, 2022-жылдын 10 айында Россиядан Кыргызстанга 2 млрд 382 млн доллар акча которулду.
6. Кризис шартында Кыргызстандын ЕАЭБге байланган экономикасы кантти?
Экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешовдун айтымында, экспорттун эки эсе көбөйүшү өлкө экономикасынын 7%га өсүшүн шарттады.
“Көптөгөн эл аралык агенттиктер 2022-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасынын төмөндөшүн болжошкон. Бирок кабыл алынган чаралар бул өлкөлөрдүн экономикасынын өсүшүнө алып келди. Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар алмашуусу 3,8 млрд долларды түздү, анын ичинде экспорт эки эсе өстү. Бул Кыргызстандын экономикасынын 7%га өсүшүнө алып келди”, — дейт ал.
Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспортунун дээрлик 70%ы Россияга туура келет. Бул бир эле биздин өлкөгө мүнөздүү сан эмес. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн ар биринин негизги соода алакасы РФке байланган.
7. ЕАЭБге кошулган 2015-жылдан берки көрсөткүчтөр кандай?
Экономика илимдеринин доктору, профессор Марат Кудайкулов Кыргызстандын улутук экономикасы уюмга кошулуудан оң натыйжа алып жатабы же терспи деген суроого жооп издеген. Ал ЕАЭБге кире элек 2011-2012-жылдар жана ЕАЭБге кошулган 2016-2019-жылдар деп эки мезгилди изилдеп чыкты.
“Кыргыз Республикасынын 19 негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчүн (консолидацияланган бюджеттин кирешелери, жумушсуздук деңгээли, ички дүң өндүрүм, орточо айлык акы ж.б.) эки мезгилдеги өсүү темпин салыштыруу менен КРнын ЕАЭБге кошулушу оң экономикалык натыйжа алып келүүдө деген маанилүү бүтүмгө келдим”, — дейт эксперт.
8. ЕАЭБдин келечеги тууралуу божомолдор кандай?
Эксперттер дүйнөдөгү соңку окуяларды эске алуу менен биримдиктин келечеги тууралуу так кесе бир нерсе айтуудан карманууда.Кыргызстандын биримдик ичиндеги тоскоолдуктарга каршы күрөшү дагы канча уланары белгисиз. Бир жагынан мында өкмөт башындагылардын мүчө-өлкөлөргө тең ата чыгып, улуттук кызыкчылыкты коргой албай жатканы да себеп. Кыргызстандын ЕАЭБден чыгышы жөнүндө ушул тапта дебаттар жок экенин эске алганда, уюмдагы өнөктөштөрдөн кепилденген төрт эркиндиктин кынтыксыз аткарылышын талап кылуу максатка ылайык.