Бүгүн 11-январь биз күнүмдүк жашообузда эң көп колдонуучу –“рахмат” деген сылык сөздүн эл аралык күнү. Жыл сайын бул күндү майрамдаган өлкөлөр жана элдер көбөйүүдө. Орусча «рахмат» деген сөз 16-кылымда «Кудай сактасын» (Спаси Бог) деген чиркөөлөрдө көп айтылуучу сөз айкашынан пайда болгон деп эсептелет.
Рахмат сөзү кимдир бирөөгө ыразычылык билдирүү үчүн колдонулат. Муну менен адамдар бири-бирине кубаныч тартуулашат, эң жакшы эмоцияларды беришет. Баарыбыз акыл-эстүү адам катары адептүүлүктүн маанилүүлүгүн, анын күнүмдүк турмушта канчалык зарыл экенин жакшы билебиз, бирок ырахматыбыздын көбү кокусунан болуп, маанисин ойлобой эле айтабыз.
Рахмат айтуунун жөнөкөй эрежелери бар.
1.Кыжырданган абалда рахмат айтпаңыз.
2. Эгерде сиз маектешүүнү уланткыңыз келсе рахмат деп айтпаңыз.
3. Эгерде маектешүүнү токтоткуңуз келсе, рахмат, шашып жаттым эле ж.б десеңиз болот
4. Эгерде сизге рахмат десе эч нерсе эмес деп жооп кайтарбаңыз. Жөн гана “кайрылыңыз”, “мага бул оор эмес”, “жардам бергениме кубанычтамын”, “мага бул жагымдуу” ж.б. ушу өңдүү жоопторду айтсаңыз болот.
5. Сизди капа кылган же туура эмес мамиле кылган учурда да рахмат сага деп айтса болот.
6. Эң негизгиси ырахмат сөз чын жүрөктөн айтыңыз.
Барчын Мамытбекова