Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 7-апрелге арналган таланттуу окуучулардын кыл калеминен жаралган сүрөт көргөзмө ачылды. Анда окуучулардын аталган күнгө байланыштуу сүрөттөрү коюлду.





Сүрөт мугалими З. Омуркулов белгилегендей, окуучулар бул эмгектерди ошол учурдагы окуяларды кандай элестетип, кандай ойлосо дал ошондой чагылдырып берүүгө аракет кылышкан.
«Сүрөттөрдү карап отурсаң ошол кандуу учур балдардын жан дүйнөсүнө өтө катуу таасир эткендиги байкалат. Бир эле бала ал окуяны улам башкача сезим, башкача көз караш менен тартканын көрүүгө болот», — деди Омуркулов.
Көргөзмө 15-апрелге чейин уланат.
Даярдаган: Жыргалбек кызы Элиза
Сынак үчүн
КК