Лейлек районуна караштуу Андарак айылында 10-класста окуган Хамзамон велосипед оңдоп, каражат жагынан үй-бүлөсүнө жардам берет. Ал күнүнө он велосипед оңдойт.
Саламатсыңбы! Өзүн тууралуу айтып берсең? Каникулда эмне менен алек болуп жатасың?
— Мен Хамзамон Авезов 10-класста окуймун. Агамдын контейнеринде иштеп жүрөмүн. Каникулда балдардын велосипеддерин оңдойм. Велосипеддин тетиктерин сатам.




Бир күндө канча велосипед оңдойсун?
— Күнүгө он велосипед оңдойм. Ата-энеме жардам кылам.
Канча акча табасың?
— Мен бир күндө 500-800 сом.
Келечекте кандай пландар бар?
— Мен келечекте супермаркет ачам.
Даярдаган: Камбарбек Асан уулу
Конкурс үчүн