Лейлек районундагы Сумбула айылында окуучулар жайкы каникулду кандай өткөрүп жатышат? Бул суроо менен мектеп окуучуларына жана ата-энелерге кайрылып көрдүк.
Баяман Төрөбек уулу, 7-класс.
“Мага жайкы каникул аябай жагып жатат. Себеби, “Алтын-Бешик” лагерине барып, жакшы эс алып келдим.”

Абдиматов Зулкайнар, 3-класс.
“Жайкы каникул мен үчүн кызыксыз болуп жатат. Чоң жолдо велосипед тебейин десем, машина түртөт деп апам чыгарбайт. Үйдө мультик көрө берип тажап кеттим. Тезирээк мектеп ачылса, мектептин алдына досторум менен ойнойт элем”.

Каримов Азим, 5-класс.
“Быйылкы каникулум жакшы өттү. Атам мени Ошко алып барды. Ал жакта ойногонго жакшы жерлер көп экен. Паркка, бассейнге бардым. Азыр айылга келип, зеригип жатам. Бул жакта ойной турган жерлер жок.”


Бул суроо менен балдардын ата-энелерине да кайрылып көрдүк.
Сарыбаева Мархамат:
“Айылда балдар ойной турган аянтча жок. Шаарларда мэрия көңүл буруп, атайын участок бөлүп берет. Айыл өкмөттөрү да ушул маселеге көңүл буруп койсо жакшы болот эле.”

Хидирова Канышай:
“Каникул мезгили мен үчүн өтө кыйын. Анткени мен күндө жумушта болом. Балдарым талаага, же машина жолго чыгып кетет деп корком. Айыл башчылар, айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтү биргеликте балдар үчүн ойноо аянтчаларын куруп берсе жакшы болот эле.”
Даярдаган: Нурислам Жанибеков
“Конкурс үчүн”