Баетов айылынын тургуну 30 жаштагы Айпери Кармышованын кесиби социалдык кызматкер. Бирок бир дагы күн өз кесиби менен эмгектенген эмес. Турмушка чыккан соң жолдошу Мирулан Токтобеков экөө жеке ишкерликке өтүшкөн. Жолдошу экөө алгач борбодук көчөдөгү дүкөндө соодагерлик кылышчу. Өзүнүн айтымында кирип-чыккан кардарлардын өтүнүчү менен кээде кофе кайнатып, таттуулар менен сунуштачу.
“Дүкөндүн жанындагы кичине куркөнү жолдошум экөөбүз чай ичүүчү жай кылып ачтык. Кардарларыбыз тез эле көбөйдү, кээде кезек дагы күтүп калышчу болду. Анан бара-бара кардарларыбыз батпай баштаганда, дүкөндүн ордуна кафе ачтык. Ашпозчулукту окубасам дагы мектепте окуп жургөндө эле таттууларды, шириндиктерди жакшы жасачумун. Биздин үй-бүлөнүн тамак-аш тармагындагы ишкерлиги ушинтип башталды”,- дейт.
Айпери жолдошу экөө райондогу жаштар биримдиги уюштурган сынакта “Мыкты жаш үй-бүлө” номинациясын дагы жеңип алышкан. Бардык жактан жаштарга үлгү бул үй-бүлө кандай иш болбосун кеңешип, ортого коюп чечишет. Ал эми жолдошу Мирулан үй-бүлөдө жубайлардын бири-бирин колдоосу маанилүү экендигин белгиледи.
“Албетте жалгыз адамдын колунан эч нерсе келбейт. Ишкерликте сени ар тараптан колдоп, түшүнүп турган адамдын жаныңда болуусу маанилүү, чоң роль ойнойт. Эгер жанында колдоп турган үй-бүлөң болсо, ишиң ийгиликтүү болот. Биз дайыма биздин аймакта жок нерселерди жасоого, алып келүүгө аракеттенебиз. Азыр беш киши иш менен камсыз. Ишкерликти кеңейтип, жумуш орундарын көбөйтүү сыяктуу пландарыбыз бар. Буюрса баары алдыда.”
Каарманыбыз ишкерликти дагы, үй-бүлөнү дагы бирдей алып жүргөн айым. Эгерде адам жалкоо болбосо экөөнү тең бирдей алып кетүүгө болорун айтып, ишкерлик аны турмушка бышырганын айтат.
“Ишкерлик мени көп нерсеге үйрөттү. Кардарлар ар кандай да. Алардан ар кандай кеп угуп, сабырдуу, чыдамдуу болууга, туруштук берүүгө үйрөндүм. Жолдошум бардык жактан колдоп, жаңы идея сунуштасам кана эмнеден баштайлы деп турат”
Замандын агымынан калбай кардарлардын табитине жараша тейлөө максатында дайыма окуп, курстарга барып турарын кошумчалады.
“Жаңыланууну каалайм. Жакында эле ашпозчу-универсал курсун окуп келдим. Мыкты фудблогерлерден сабак алып, жаңыланып турам. Жаңы тамактар, салаттардын, таттуулардын рецептерин жана чакыруу боюнча ашпозчу (Повар на выезд) курсун онлайн окуп жатам. Өзүмдү ушу футблогерликте сынап, байкап көргүм келип жатат. Ишкерлик менен катар эле учурда жолдошум экөөбүз тең коомдук иштерден калышпайбыз” деди.
Айпери жолдошу экөөнүн ишкерлик кылып, бул тармакта эмгектенип жатканына 11 жылдын жүзү болду. Бул арада алардын туруктуу кардалары көбөйдү. Баетов айылынын тургуну Руслан Абышбаев жаш ишкер үй-бүлөнүн пиццасын жакшы көрсө, Уулбек аттуу замандашыбыз Айперинин дайыма кабагы ачык, шайыр жүргөнүн, тейлөөсү абдан мыкты экенин баса белгиледи. Мындан сырткары кардарлар Айперинин чайын мактап ичишет. Ошондой эле алар тамак менюсу электрондук турдө дагы болсо деген сунушун айтышты.
Каарманыбыздын айтымында ал бардык нерсени чын жүрөгү менен ырахаттанып жасайт. Ар бир жасаган тамагына, таттуусуна башкача бир өң же башка бир даам берүүнү жактырат. Демек адамдын каалоосу жана аракети, үй-бүлөнүн колдоосу болсо аны сөзсүз ийгилик коштору Айпери Кармышова аркылуу көрдүк.
Барчын Мамытбекова