Адамдын бала кездеги кыялы, үй-бүлөдө алган тарбиясы анын инсан катары калыптанышына таасир этет. Ал эми тарбиялоо оңой эмес процесс. Баетов айылынын тургуну 7 баланын энеси Жеңишкүл Букарбаева үй-бүлөдө балдарды ар тараптуу тарбиялоо керек деген ойдо.
“Бала кечке сабак окуп же кечке жумуш жасай турган эмес, чыгармачылыкка, маданияттуу эс алууга, спортко баарын бирдей алып кетүүгө тарбиялаш керек жана муну мектепке гана калтырып койбостон, үй-бүлөдө ата-эне да кам көрүш керек. Биз үй-бүлөдө ынтымакта жумуш жасап, кыздын же эркектин жумушу дебей биргеликте жасайбыз. Жыйынтыгына да эрте жетесиң жумушун дагы эрте бүтөт. Бирок кечке жумшай берүү тарбиялоого жатпайт”.
Чындыгында үй-бүлөдө баланы тарбиялоо татаал процесс. Ал баланы жарык дүйнөгө алып келүү, чоңойтуу, окутуу менен чектелбейт. Психолог Зубаида Эмилбекованын айтымында тарбиялоо өтө аяр жана кылдат мамилени талап кылат.
“Үй-бүлөдө кыз жана уул балдар болсо бирдей мамиле кылуу өтө маанилүү жана аларга туура тарбия берүү анын эртенки тагдыры менен түзмө-түз байланыштуу экенин унутпоо керек. Баланы жынысына карап мамиле кылуу гендердик теңсиздикти жана зордук-зомбулуктун башаты болорун эстен чыгарбайлы”.
Үй-бүлө коомдун негизи болгондуктан балага тарбия берүүдө чоң роль ойнойт. Бирок учурда айрым үй-бүлөлөр балдардын жынысына карап тарбиялашат. Бирок бул алардын келечеги үчүн кооптуу экендигин айтты каарманыбыз.
“Сен кыздын жумушун жасаба, сен эркектикин жасаба деп бөлгөн туура эмес. Кийинки жашоосунда да кайталанат. Ынтымак бузулат. Бир үй-бүлө болгондон кийин чогуу жасап, чогуу бала багып, чогуу оокат кылса жакшы болот. Түйшүктү чогуу тартуу керек деп ойлойм”
Тарбия берүүдөгү калыптанган көз караштар балдардын келечегине терс таасир тийгизет. Бири тартынчаак, бири өзүнө ашыкча ишенген адам болуп чоңоет. Мындай мамиле өнүкпөгөн кылымга таандык дейт адистер.
“Ал кезде коом ошондой болчу. Анткени ал учурда эркектер иштеши керек эле. Аялдар үйдө отуруш керек деген стереотип менен жашашкан. Тарбия бул чынжырча сыяктуу. Бүгүнкү көргөн тарбияны ал чонойгондө өз бүлөсүнө жасайт. Ошол себептүү бул өткөн кылымга таандык тарбия”
Албетте үй-бүлөлөр ар түрдүү жана тарбия берүү ыкмалары дагы ар түрдүү. Бирок эл эмне дейт дебестен улуттук баалуулуктарды эске алуу менен анын турмуштан өз ордун табуусуна жол көрсөтүү маанилүү.
Барчын Мамытбекова