Кесип коомдо адам баласына кызмат кылат жана анын бир нече түрү бар жана ал адамдарга, техникага же мал-жанга байланыштуу болот. Баетов айылынын тургуну Гүланда Кайыпованын кесиби да дал ушу мал-жанга байланыштуу. Тактап айтканда ал райондогу жалгыз ветеринар айым.
Бир топ жылдан бери Нарын аймактык ветеринардык лабораториясынын Ак-Талаа райондук серология бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келет. Орто мектептин 9-классынан кийин айылдагы №40 кесиптик лицейдин ветеринария бөлүмүндө окуп, артыкчылык диплому менен аяктаган. Андан соң Кыргыз агрардык академиясынын ветеринария факультетине билим алып, окууну аяктагандан кийин алгачы өз айылында ветеринар болуп эмгектенген.
Өз кесиби тууралуу каарманыбыз мындай дейт.
“Ветеринария кесиби абдан баалуу, керектүү, жоопкерчиликтүү кесип. Себеби ветеринарлар малдын ден-соолугун көзөмөлдөйт. Ал эми малдан алынган азык-түлүктү адам баласы колдонуп жаткандыктан тамак-аш коопсуздугун көзөмөлдөйт. Малдан адамдарга жугуучу оорулар бар, ошол себептүү коопсуздук боюнча кыймылды биз жүргүзөбүз”.
Адатта мал ооруларын клиникалык белгилеринен аныкталат. Мал ээсинен ар кандай сурамжылоо жана лабораториялык текшерүүлөр жүргүзүлүп, илдетине жараша көрсөтмө берилет.
“Булардын деле температурасын өлчөйбүз, дем алуу органдарын карап, журөктүн согушун тыңшайбыз. Ошого жараша дарылоо үчүн көрсөтмө беребиз. Малдарда деле хирургиялык ооруларга операция жасалат. Бизде кездешчү ыландарды алдын-алуу үчүн убагында вакцинация жасалып, таза жерлерде багылыш керек. Тоют жакшы болуш керек” деди Гүланда Кайыпова
Ветеринария кызматынын негизги милдети жаныбарларда жугуштуу оорулардын пайда болушуна, таркалышына бөгөт коюу, алдын-алуу. Ошону эле адам баласын экологиялык таза продукт менен камсыз кылуу менен адамдардын ден-соолугунун сакталышына түздөн-түз аракет этишет.Кесиптердин саны канчалык көбөйгөн сайын, кесип тандоо да ошончолук оордошуп бара жатат. Кыйыны- көптөгөн кесиптердин ичинен бирин тандоо, бир чечимге келүү процесси болуп эсептелет. Каарманыбыз Гүланда Кайыпова өз кесибин абдан жакшы билет, өз каалоосу менен тандап алган. Бирок кээде кесип тандоодо жакын адамдар же коомчулук таңуулаган көз караштар таасир этет. Ал эми Коңорчок айылынын тургуну Анарбек Турдалиев тракторчу, кызылчачы, малчы апаларыбыз болгон дейт.
“Кесип тандоо баарына бирдей. Анткени ар бир кесип ардактуу деп аталат. Болгону тандаган кесипти сүйүү керек. Азыр заманда кыздын, эркектин кесиби жок. Биздин кыздар чет элде самолет, оор жүк ташуучу жана жеңил унаанын болгон түрүн айдашат. Биздин чоң апаларыбыз трактор мененколхоз-совхоздун жерлерин айдашкан. Тарыхтан Курман датка зор армияны башкарганын билебиз”.
Кесип тандоодо тажрыйбалуу, көз жетик улуулар ар дайым багыт берип келишкен. Кесипти туура эмес тандоо-бул келечекти туура эмес тандоо менен барабар. Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев чындыгында кесип тандоодо таңууланган көз караштар бар экенин айтты.
“Эркек бала мугалим, ал эми у кыз бала дене тарбия сабагынын мугалими болбойт же алар дарыгер болсо деген көз караш бар болчу. Илгертен келаткан нерсе да. Мындай көз карашты коомго таңуулабаш үчүн ата-энелер, эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүш керек. Кесип тандоого багыт берүү боюнча дагы иш-аракеттерди аткаруу зарыл. Тандоого мүмкүндүк бербесе анын зыяны эле тиет” деди.
Кесипке туура багыт берүү, өлкөнүн да, жаштардын да кызыкчылыгы үчүн маанилүү. Тандалган кесип кишинин өмүр бою бир иштин ээси болушун жана ал иште ийгиликтүү иштешин көрсөтөт. Гүланда Кайыпова дагы сүйгөн кесибинин ээси болуп, ишинде ийгиликтерди жаратып келет. Ошондой эле өмүрлүк жолдошу дагы анын ишине ар дайым колдоо көрсөтөт.
Барчын Мамытбекова