Ноокат районунун Кайрагач айылынын тургуну Айсулуу Сыдыкова сеп, көйнөктөрдү тигет. Келечекте цех ачуу максаты бар.
Ал тигүүчүлүк боюнча билим алган. Бул өнөргө өзү кызыккандыктан тигүүнү тез эле үйрөнүп кеткен.
Кардарларынын каалосундай кылып тигүүнү биринчи орунга коёт. Кийимдерди жана септерди үйүндө эле тигет. Келечекте цех ачып, башка тигүүчүлөр үчүн жумуш ордун түзүүнү ойлоп жатат.
«Мен өз кесибимди аябай жакшы көрөм. Алдыда көптөгөн максаттарым бар. Азыр элдин кызматындамын», — дейт Сыдыкова.
Кардары Нуркыз Нурсейитова «Мен экинчи жолу көйнөк тиктиришим. Базардан алгандан көрө тиктирген жакшы» деген оюн айтты.
Даярдаган: Нуриза Калил кызы