Талас шаарыдагы коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишкана 2017-жылдын 17-май айынан баштап шаардагы таштанды маселеси боюнча көзөмөлдү баштаган.
Ушул эле жылдын август айында бул ишкана Талас шаарынын Нуржанов жана Огонбай көчөлөрүндө жарыктандыруу долбоорун ишке ашырып жатат. Бул долбоордун башкы демөөрчүсү “Бакубат Талас” ишканасы.
Аталган муниципалдык ишкананын башчысы Эркин Мамбетовдун айтымында, жарыктандыруу долбоорунун алкагында шаарга 35 столба коюлган.
«Азыркы этапта бул долбоор толугу менен 1 миллион сомго бааланды. Жана ошондой эле Сарыгулов көчөсүндө темир тосмолор курулуп жатат. Бул тосмолор жолдун эки жагынан тең коюлат, бир жагынан тосмолор жарыктандыруу менен орнотулат.”
Мындай темир тосмолор, борбордук базар тегерегиндеги тротуарлардын да жанында курулат.
Талас шаарынын өнүктүрүү фондунун башчысы Белек Абданбек уулунун айтымында, шаарды өнүктүрүү үчүн бул жылдын эсебинен бир нече долбоорлор колдоого алынган.
“Ошондой эле Талас шаарынын аллеясына жарык орнотулган, шаар мэриясы менен биргеликте бул долбоорду ишке ашырып жатабыз.”
Мындан тышкары фонд тарабынан бир нече кичи долборлор ишке ашып, Талас шаарынын орто мектептерине окуу жылынын башталышына карата ремонттук иштерине да жардам көрсөтүлдү.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова