Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын борбордук мечити курулуп бүтүп, ишке берилди. Мечиттин негизги демөөрчүсү — арабдардын «Табарак» фонду, андан сырткары айыл тургундары да колдон келген жардамдарын беришкен.
Мечитке ушул күнгө чейин 72 миң долларга жакын акча каражаты сарпталган. Анын 48 миң долларын арабдар, калган 24 миң долларын элдер беришкен. Учурда мечит толугу менен бүткөнү менен кошумча майда курулуш иштерине байланыштуу ачылышы боло элек.
Мечит узунунан 24 метр, туурасынан 18 болуп, ичине 750 адам батат, ал эми сыртындагы жерди кошкондо 1000 адам батат. Мечит Куу-Майдан айылынын атасынын урматына «Атаке орто мечити» болуп аталды.
Мечиттин курулушуна жооптуу Нурмамат Ысаковдун айтымында, ибадаткананын курулганын эл кубануу менен кабыл алган. «Ошондой эле жаман сөздөр болбой койгон, жок мурунку мечит болот эле го дегендер болду», — деп кошумчалады Ысаков.
Куу-Майдан айылынын тургуну Талип Абдразаков «Бул мечит ойлогонумдан жакшыраак түштү. Азыр болсо мечит бүтүп, сыртка суу чыгарылып жатат, 7 адамга ылайыкталган даараткана курулуп жатат» деп билдирди.
Даярдаган: Хусейн Курсантбек уулу