Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында үч бөлмөлүү дарыкана салынып жатат. Бул тууралуу Бегайым Маткасымова менен маектештик.
Саламатсызбы! Эмне себептен аптека салайын деп чечтиңиз?
— Кичине аптекам бар эле, аны кеңейтейин деп чечтим. Айылда ФАП дагы жок болгондуктан элге пайдам тийсин деп чоң аптека салып жатам.
Канча бөлмө болду?
— Үч бөлмө болду. Эң чоңу рецептуралык бөлмө зал, экинчиси процедуралык, үчүнчүсү кампа.
Муну курганга канча акча кетти?
— Ушул турушуна 200 миң сом акча кетти. Толук бутушунө 300 миң сомдой кетсе керек.
Кеткен чыгаша канча убакытта өзүн актап бүтөт?
— Соодага жараша болот. Бир эки жылда актап бүтсө керек.
Бул ой кайдан чыкты?
— Илгертен эле кыялданчумун ушул жерге аптека курсам деп. Дарыкана куруп эми муну кеңейтип үч бөлмөлүү кылып жатам.
Саат канчадан канчага чейин иштейсиз?
— Эртең мененки саат 9дан кечки саат 11ге чейин иштейбиз. Себеби үч маал ийне алгандар бар.
Элдердин көз-карашы кандай?
— Элдердин көз-карашы жакшы, рахмат айтып жатышат. Эми мурда жогунда ооруканага барып ийне алып келишет эле.
Дагы келечекте кандай пландарыңыз бар?
— Келечекте пландар көп: айылга ФАП курдурайын деген оюм бар жана ушул аптекамды эки кабат кылам, кудай буйруса.
Маек курганыңыз үчүн чоң рахмат!
Даярдаган: Аймончок Кожонова