Жайыл районуна караштуу Кара-Суу орто мектебинин мугалими Ажиева Гүлжан. Ал көптөгөн окуучуларды окутуп уядан учурган.
— Мен, Ажиева Гүлжан Алымбаевна Жайыл районундагы Ак-Башат айылында 1957-жылы, 9-июнда туулгам. 10-классты аяктагандан кийин Жусуп баласагын атындагы Кыргыз мамилекеттик университетинин филология фокультетин 1984-жылы аяктап, ошол эле жылдан баштап Кара-Суу орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими болуп иштеп келе жатам.
Чыныгы чыгармачыл мугалим сөз шиңгилдерин тандап сүйлөй билген, ширелүү сөздөрдү бал аарыдай топтоп, тизмектештирип сүйлөй жана жаза алган мугалим деп эсептейт Ажиева.
— Өзүмдүн 35 жылдык педагогикалык тажрыйбама таянып айтсам, мен окуучулардын эркин ойлоп, эркин жыйынтык чыгара билишине шарт түзүп берем.
— Мен өз кесибим менен сыймыктанам. Окуучулардан келечекте көп ийгиликтерди күтөмүн. Алардан эң мыкты адистер чыгат жана алар кыргыздын татыктуу уул-кыздары болот деп ишенемин.
Гүлжан Ажиевага кааларыбыз көп-көп ийгиликтерди, дагы көптөгөн балдарды окутуп сыймыктанып жүрө бериңиз.
Даярдагандар: Канышай Алымбекова, Сезим Дүйшекеева.
Редактор: Азирет Туратбеков
Сынак үчүн