Ноокат районунун Арбын айылында суу маселеси курч. Айыл тургундары таза суу илгертен эле чыкпасын, сууларды арыктардан алышаарын айтышат.

Арыктан аккан сууну мал жандыктар да, адамдар да ичишет. Суу чыгуучу чорголор курулган, бирок алардан суул чыкпайт.

Айыл тургундары кыш мезгилинде арыктар муз болуп тоңуп калгандыгына байланыштуу, коңшу айылдагы дарыядан суу ташып ичишет.

Айыл тургуну Ахматали кызы Айзирек «Сууну эртең менен туруп арыктан ташып ичебиз. Себеби, кечке чейин ылайланып болуп кетиши мүмкүн», — деп айтты.

Айыл тургуну Саламат Аширбекова «Айыл башчы, айыл өкмөткө кайрылганбыз бир нече жолу. Чыгарып беребиз деп жатышат. Бирок жыйынтык жок» деди.

Арбын айылынын башчысы Асан Кадыров суу маселесин чечүү үчүн аракет кылып жатканын жана азыркы күндө айылдын 70 пайызына суу жетип калгандыгын айтат.
«Быйыл 30 миң акча бөлүндү айылдын баш жагын гана таза суу менен камсыз кылдык. Кийинки жылдан дагы көбүрөөк акча бөлдүрүп, баардык айылды таза суу менен камсыз кылганга аракет кылабыз», — деп билдирди ал.
Даярдаган: Зарина Нурдинали кызы
Редактор: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн