Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүнүн аймагы сел көп келүүчү жана коркунучка дуушар болуучу аймак болуп саналат. Учурда селден коргонуу үчүн селканалардын четтерине тосмолорду коюу иштери пландалды.
Бул тууралуу Сумбула айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Бахридин Өмүрзаков билдирди. Ал сөзүндө кыштын келип калганына байланыштуу жумуш 2017-жылдын март айына жылдырылганын айтат.

“Учурда жумуштун 20 пайызы бүттү. Суук болуп калганынан жумушту 2017-жылга жылдырдык. Искра айылынын Тешик-Таш участкасынын селканаларына 200 даана габион торчо керектелет, Сары-Дөбө айылынын Өндүрүш участкасына 225, Көк-Таш айылынын Узун-Сай участкасына 198 габион торчо орнотуу зарыл», — деп билдирди Өмүрзаков.
Тешик-Таш айылынын тургуну Арзыбек Халбеков өзүнүн көйгөйүн төмөнкүчө билдирди.

“Учурда менин жерим коркунуч абалда турат. Мындан үч жыл мурда катуу келген селден менин жана кошунамдын 2-3 метрдей жерлерибизди сел жарып, көчүп түшкөн. Бул боюнча мен өзүм айыл өкмөткө кайрылгам, андан эч кандай натыйжа чыккан эмес”, — деди ал.
Даярдаган: Бекжан Абдижамил уулу
Редактору: Данияр Исакбаев
Сынак үчүн