Ар бир адам кичинесинен кайсыл кесиптин ээси болорун ойлоп кыялданып келет. Бирок, замандын талабына жараша чоңойгон сайын кыялдары да кошо ѳзгѳрүшү мүмкүн. Мындан тышкары кесип тандоодо үй-бүлѳлүк бюджеттин тартыштыгы дагы чоң таасирин тийгизип келет. Ошондой эле элет жеринде билим берүүдө кыз же эркек болгонуна карата стереотипттик кѳз караштар бар.
Ар бир ѳспүрүм кыялында ѳзүнүн кѳңүлүнѳ жаккан кесиптин ээси болуп өз адистиги менен иштөөнү максат кылат. Бирок, тилекке каршы кээ бирѳѳнүн ал максаттары ишке ашпай келет. Айрым үй-бүлөлөрдө кызды же эркек баланы окутуш керекпи деген тандоо болсо “кыз билимдүү болсун, бала билим албай деле оокат кылып кетет”-деген жаңылыш пикирлер бар. Эркек бала кара жумуш иштеп деле үй-бүлѳсүн багып кете алат деген ойдон улам алардын билим алуусуна инвестиция жасалбай калган учурлар бар. Алардын бири ѳз кыялынан баш тартып окуу жайга тапшыра албай калганын, Ысык-Көл облуснун Барскоон айылынын тургуну Артур Нурдин уулу билдирди.
«Мен убагында ѳз кыялымды орундата албай калганыма азыр аябай ѳкүнѳм. Учурунда акча каражаты тартыштыгынан улам кыз баланы биринчи орунда окутуш керек. Ал башка бир үй-бүлѳнүн мүчѳсү болот. Ал жактан кор болбой иштеп ѳз жандарын багуусу керек. Ошону үчүн кызды окуталы деген чечимди кабыл алышкан. Менин максатым кыял бойдон эле калып кетти».
Ар бир ата-эне баласынан окуудагы ийгиликтери, зээндүүлүгү, жашоодон ордун табуу абдан маанилүү. Мындай тандоолор учурдагы үй-бүлѳлүк бюджеттин тартыштыгынан эске алуу менен бирге эркек балдарга чектѳѳ коюлуп калат. Бирок, балдар дагы кыз баладай болуп билим алып жакшы кызматтарда иштѳѳсү керек экендигин Артур кошумчалай кетти:
«Ѳз сүйгѳн кесибимди окуп бүтүп алсам мен деле бир жерде иштейт элем да деп кѳп ойлоном. Негизинен эркек балдарга деле билим алып бир кесиптин ээси болуу абдан маанилүү. Ошондуктан кыз болобу же эркек бала болобу сѳзсүз билим алып, бир кесиптин ээси болуш керек экен деп ойлойм».
Өз жөндөмүн эске албай кесип тандагандын жыйынтыгы — кыйналып иштөөгѳ тете. Эң башкысы окуучуларга жөндөмүнө карай кесип тандоону кеңеш берүү керек. Анткени ийгиликтүү адамдардын көпчүлүгү жүрөгүн угуп, жөндөмүнө ылайык кесип тандаганда гана ийгиликке жетишкени белгилүү.
Бүгүнкү күндө кесип тандоодо 10-20 жыл мурункуга салыштырмалуу балдарга аз да болсо ата-энелер кѳңүл буруп баштады. Айрыкча кесип тандоо боюнча 7-8 класстан баштап ата-энелер балдары менен кесип тандоо боюнча баарлашуу эң маанилүү убакыт,- экенин «Мугалим» коомдук фондунун жетекчиси, юрист Зухридин Саадабеков ѳз маегинде билдирди.
«Ой жеткен менен кол жетпейт дешет. Бирок айрым максатты туура койгон, ата-энелери туура багыт берген балдардын үй-бүлѳсүндѳ экономикага чоң салымын кошуп келет. Себеп дегенде бала ѳзү умтулуп аракет кылгандан кийин сѳзсүз түрдѳ бир эле ата-эне эмес баланын да максаты иш жүзүнѳ ашып кетет да. Мисалы, мектеп курагындагы баланы, 9-11 бүтүрүүчү класстарды ала турган болсок үй-бүлѳлүк баарлашуу, үй-бүлѳлүк кыялдануу, үй-бүлѳлүк максат коюп бир чечим менен кыялданышса, чогуу кадам жасай турган болсо сѳзсүз түрдѳ ал ийгиликке ашып кетет».
Ал эми кээ бир ата-эне балдарынын кыялы, максаты менен эч бир эсептешпей туруп, балага каалабаган кесипти таңуулап келишээрин,- Зухридин Сааданбеков кошумчалай кетти.
«Үй-бүлѳдѳ кѳбүнчѳ ата-эне ѳзүнүн билген, сүйгѳн кесибин же болбосо бала кезинде иш жүзүнѳ ашпай калган кыялдарын баласына таңуулап коюшу мүмкүн. Сен ушул кесиптин ээси болушуң керек деген ой менен ата-эне айрым учурда баланын кыялы, максаты менен эсептешпейт келишет. Бул учурда ал баланын келечеги туңгуюк болуп калуусу толук мүмкүн».
Кесип тандоодо ар бир баланын кыялы ар башка. Кесиптин жаманы болбойт. Андыктан ар бир бала ѳз каалаган кесибин туура тандоосунун аркасында алгылыктуу иштерди жасоосу мүмкүн.
Гүлкайыр Осмоналиева