Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айлындагы №43-Кесиптик лицейге Кемин районунун Алтымыш айылында жайгашкан №19 –кесиптик лицейдин жааматы «Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты» кесибин окутууда органикалык жер иштетүү жана балдарды тарбиялоодо салттуу билимди колдонуу иштери менен тажрыйба алмашышты.
№43 Кесиптик лицейдин жааматы кесиптештерине интенсивдүү технология менен жер иштетүүдөгү кесиптик шык билим көндүмдөрү менен тең бөлүшүштү. Кемин районунан келген кесиптештерди лицейдин директору Бактыгүл Жусупова өзү тосуп алып окуу жайдын базасы менен кенениреек тааныштырды.