Жаштар арасында спортко кызыккан балдарды көбөйтүү максатында спорттун футбол түрү боюнча 9 мектептин окуучулары катышкан чоң футбол болуп өттү. Демөөрчү катары Тилебалды Айбашевдин жаркын элесине арналган чоң футболго Айбашевдин уулу Ниязбек Айбашев акчалай сыйлык жана Айбашевдин айланма кубогу менен сыйлады.
Мелдешти ачуу үчүн мектеп директору Нурдинова Замира жана Уюштуруучу Арыкова Бурул Айбашевди эскерип анын кылган эмгегин жана ал кандай адам болгондугу тууралуу спортчуларга айтып өтүштү. Иш- чара салтанаттуу башталды.
Уюштуруучу Айбашев атындагы орто мектептин дене тарбия мугалими Абдиллаев Иман жана Арыстанов Ысак келип катышкан мектеп окуучуларынын коопсуздугун эске алып, ар бир команда жетекчилери жана дене тарбия мугалимдери менен келүүсун уюштурушту. Келген командалар формалары менен камсыз болушуп, кызуу оюн жүрдү. Мелдешке жалпы 8 мектептен 9 команда катышып жеңүүчүлөр кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.
Биринчи орунду Кудайбердиев атындагы жатак лицейинин спортчулары Айбашевдин айланма кубогу жана 3000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. Экинчи жана үчунчү орундарды Айбашев атындагы орто мектептин эки командасы алып экинчи орунга 2000 сом үчунчү орунга 1000 сом менен сыйланышты. Төртүнчү орунду Надиров атындагы орто мектеп алды. Сыйлоо аземи салтанаттуу түрдө болуп сыйлыктар тапшырылды.
Жаш спортчулар Ниязбек Айбашевге ыраазычылык билдиришти.
Даярдаган: Айлар Дарбишова, Таңнуру Жалалова