Т.Кулатов айыл өкмөтүнүндөгү «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылындагы аткарылган иштер жана алдына коюлган иш пландары боюнча Кызыл-Булак мультимедия борборунда «Демократия сааты» уктуруусу болуп өттү. Уктурууга Кулатов айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Жээнбаева Аида айым жана Кулатов айыл өкмөтүнүнмуниципалдык менчик обьетилерди куруу боюнча башкы адиси Бойдонов Сапар мырзалар конок катары катышып айыл өкмөттүн ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип кетишти.
Эфирдин жүрүшүндө Бойдонов Сапар айыл өкмөттүн «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылында пландалган иштер боюнча маалымат берди. Негизги маселе болуп айыл өкмөттөгү социалдык мекемелерди интернет менен камсыз кылуу пландарыбыз ишке ашырылды. 10 мектеп , бала бакчалар жана ФАП, орууканалар дагы Оштогу «Кыргыз телеком» менен биргеликте интернет менен камсыз болушту. Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Жээнбаева Аида айым «Ийгиликтүү аймак» доолборуну менен иштешип «Бирдиктүү терезе» калкты кабыл алуу жана тиешелүү кызматтарды көрсөтүү эн жакшы жолго коюлгандыгы боюнча айтып өттү. Андан сыртткары пилоттук айыл өкмөт болгондугуна байланыштуу салык кызматтары ,документтерди жасоо иштери айыл өкмөттүн өзүндө бүткөрүлүп, калка кыйла жакшы болуп жатат. Айыл өкмөттүн көпчүлүк калкы вотсап соц тармакка кошулуп, алар тиешелүү суроолорду вотсап аркылуу берүү уюштурулгандыгы жөнүндө айтып өттү. Сапар мырза жашоочулардын коопсуздугун алдын алуу максатында кулатов айылынын башына жана аягына видео көзөмөл коюларын айтты. Билим берүү мекемелерине видео көзөмөлдөр орнотулаары жөнүндө да айтып өттү. Эфирдин алып баруучусу Нурманова Чынара болду.
Даярдаган: Жалалова Таңнуру