Ош облусундагы Ноокат районуна караштуу Кызыл-Булак айылындагы жамааттык мультимедиа борборунда түз эфирде «Демократия сааты» долбоорунун алкагында уюштурулуп жаткан «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ишмердүүлүгү коомчулукту канааттандырабы?» деген темада талкуу уюштурулду.
Эфирдин коноктору Жергиликтүү кеңештин депутаты Эшимов Апсатар, Коомдук активист Сулайманова Асила, Жал округун Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин депутаты Таштемирова Курбанбүбү менен жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ишмердүүлүгу жөнүндө сөз болду. Атайын темага карата сурамжылоо уктурулуп, анын негизинде талкуу улантылды.
Атайын темага карата сурамжылоо иштери алынып, жергиликтүү жашоочулардын депутаттардын ишмердүүлүгү боюнча ой бүлүшүүсү сурамжылоо катары уктурулду. Конокторго тиешелүү суроолор берилди.
Жергиликтүү кеңештин депутаты Эшимов Апсатар түз эфир аркылуу эң актуалдуу маселени эл алдына чыгарып жаткандыгын билдирип, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди. Жарым сааттык убакыт ичинде бул маселенин көйгөйлөрүн толук талкуулоого жетише албаганын айтып өттү. Түз эфир абдан жаккандыгын билдирип, мындай маселерди дагы көп-көп уюштуруусун баса белгиледи.
Коомдук активист Сулайманова Асила Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ишмердүүлүгү учурда орто абалда, себеби тажрыйбасы аз, жогорку билими жок депутаттар да катарын толуктайт. Ошол себептен ушундай темадагы маселелер эл алдындагы талкууларда оң тарабына чечилишине чоң таасирин тийгизет деген ойдомун. Түз эфир мага аябай жакты деп билдирди.
Даярдаган: Жалалова Таннуру, Нурманова Чынара