Кулатов айыл өкмөтүндөгү Т.Айбашев атындагы орто мектебинде райондук деңгээлде башталгыч класстардын мугалимдери үчүн семинар болуп өттү. Семинарга Ноокат районундагы жалпы мектептерден мугалимдер келип катышты. Жалпысынан семинарга 100 мугалим катышты. Семинар аччык сабактар, көргөзмөлөр, концерттик программалар менен коштолду.
Т. Айбашев мектебиндеги башталгыч класстар мугалимдери
Ноокат районундагы Ражап Хужамов атындагы орто мектептин башталгыч класстын мугалими Зарнигор Эргешова
Ноокат районундагы Ражап Хужамов атындагы орто мектептин башталгыч класстын мугалими Зарнигор Эргешова:
«Бүгүнкү Т.Айбашев мектебинде уюштурулган семинар жогорку деңгээлде уюштурулуптур. Мага аябай жакты. Мугалимдер өткөн сабактары мага өзгөчө таасир берди. Мугалимлердин сабакта колдонгон техникалык жабдуулары, көргөзмөлөрү, өткөн сабагы өзгөчө жакты. Өзүм да бүгүнкү сабакта үйрөнгөн нерселеримди сабакта колдонгону аракет кыламын. Айбашев мектебинин жамаатына жогорку баа берип, уюшумдуулугуна аябай суктандым. Балдардын талаты, жүрүм туруму, концерттик программасы мага аябай жакты.»
Чынара Көчкөнбаева