Кулатов айылынан чыккан маданияттын мыктысы Динар Садыбакасова майрамдарда, той мааракелерде 6 жылдан бери кызмат кылып келет. «2021-жылдын эң мыкты жар жар ырчысы», «2022-жылдын маданияттын мыктысы жана мыкты айымы» наамына ээ болгон, « Бактылуумун» ырынын жаратуучусу Динара Садыбакасова.
Ырчы жар жарчы Динара Садыбакасова:
«Мен чыгармачылыкка жаштайыман эле жакынмын. Себеби үй-бүлөм чыгармачыл адамдар болгондуктан музыкага жакынбыз. Мектепте окуп жүргөн кезде эле иш чараларга активдүү катышып ырдачумун. Кийинчерээк тойлордо ырдап баштадым. Элибиздин жакшылыктарында 6 жылдан бери кызмат кылып келем. Албетте башында кыйынчылыктар болбой койбойт экен. Атам ырдоомо каршы болгон. Кийинчерээк менин жөндөмүмдү аракеттеримди баалап үй-бүлөм менен колдошкон. Өзү да ырларды оранжировка кылып маданият чөйрөсүндө жүргөндүктөн макул болгон. Атам мен кичинекей кезимде «Кыз-Бурак» тобунун ырларын оранжировка кылчу.
Кийинчерээк ырчы Нияз Абдразаков «Бактылуумун» ырын белекке берип, ырдап чыкканмын. 2022-жылдын февраль айында алгачкы тушоо кесүү концертимди Кызыл-Кыя шаарында тартууладым. Концерт жогорку деңгээлде өттү деп ишенем. Концертке маданият тармагындагы адамдарым көмөк көрсөтү.
Эгерде сиздерде да кандайдыр бир жакшылыктарыңыздар болсо байланышсаңыздар болот. Биз ар дайым кызматыңыздардабыз! »
Чынара Көчкөнбаева