Курут-туздалган сүзмөдөн кайнатылып, кээде эжигей кошулуп уютулуп, кургатылып даярдалган тамак. Курут-бул көчмөн элдеринин анын ичинен кыргыз элинин улуттук баа жеткис азыгы болуп саналат.
Куруттун пайдалуулугу. Куруттун курамы темир, магний, калий жана кальций сыяктуу керектүү заттарга бай. Андыктан көздүн көрүүсүн жакшыртат, жаш балдардын боюнун өсүшүн камсыздап, сөөктөрдү бекемдейт. Ошондой эле иммунитетти көтөрүп, клеткалардын жаңыланышына жардам берсе, жаракат алган жерде кандын уюп калуусуна жол бербейт.
100 грамм курутта 260 килокалорий бар. Курсак ачканда күч-кубат берет жана ден-соолукка да пайдасы зор. Байыртан бери салт болуп келе жаткан куруттун жасоо ыкмасы:кой, эчки, же уй сүтүнөн сүзмө жасалат. Курут атайын жасалган середе, чийде, тактайда кургатылат. Андан соң бир нече күн чүпөрөк баштыктарга салып суусу агызылат. Даяр болгон сүзмө туз менен аралаштырылат жана сүзмөнү алып 5см диаметринде тоголоктор жасалат. Аларды тактайга тизип, күнгө кургатылат.
Негизи курутту көлөкөдө кургатуу сунушталат. Күнгө жайып кургатылган курут даамы жана витаминдүүлүгү жагынан көлөкөдө кургатылган курутка караганда төмөн болуп калаары талашсыз.
Перизат Таштанова