Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектепте, карантин учурунда, мектептин айланасына гүлдөр отургузулду.
Мектептин жер тилкесине тиешелүү жер иштетилип, 10 сотый жерге түркүн-түстүү гүлдөр тигилди. Гүл тигүүгө коомдук ишмер Исраилов Мирлан материалдык көмөк көрсөттү. Андан тышкары мектеп коллективи, мугалимдер өз жардамдарын көрсөтүштү.
Мектеп коллективи, мугалимдер кезек-кезеги менен гүлдөрдү сугарып, өстүрүүгө милдеттендирилди.
Перизат Таштанова