Ноокат районунун Чеч-Дөбө айылындагы аялдаманын шарты жок. Айыл тургундары жаңы аялдама курулса дешет.
Чеч-Дөбө айылындагы аялдаманын абалы тургундарды канааттандырбайт. Айыл тургундары бир жакка жөнөөрдө унаа күтүүдө кыйынчылыктар жаралат. Жамгыр жааган күндөрү, же күн катуу ысыганда элге кыйын болот.

Айыл тургуну Бурул Дооронова шаарлардагы сыяктуу жаңы аялдама курулса жакшы болмок дейт.
Аялдама биринчи курулганда жакшы эле шарты менен курулганын айтат. Бирок убакыттын өтүшү менен бузулуп, отургучтары да жок болгон. Үстүндөгү шыйпырларынан да жаан жааган кезде суулар агат.

Даярдаган: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн