Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинде предметтер арасында жумалыктар өткөрүлүүдө. Ага 5-класстан 11-класска чейин окучуулар катышууда.
Бул жума кыргыз тили жана адабияты жумалыгы болду. Ар кандай иш чаралар, класстар аралык таймаштар, дилбаян жазуу, ачык сабактар, кыз жигиттер арасында сармерден оюндары болду. Жуманын соңунда окуучуларга ардак грамоталар тапшырылды.


7-класстын окуучусу Латипжан кызы Айгерим «бул жумада өзгөчө сонун иш чаралар болду, жылдагыдан өзгөчө иштер болду, ачык сааттарга мугалимдер да жакшы катышып беришти» дейт.

Кыргыз тили жана адабияты мугалими Бүажар Байназарова «мындай предметтер арасында жумалыктар өткөрүлгөнү мага өзгөчө жакты» деп айтып өттү.

Даярдаган: Тинатин Тариэл кызы
Редактор: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн