Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде ата-энелердин, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жалпы жыйналыш болуп өттү. Жыйында учурда өспүрүмдөрдүн өмүрүн алып жаткан интернет оюндары жана аны алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери талкууланды.


Мектептин тарбия иштерин уюштуруучусу Гүлбарчын Мамытбекова:
— Балдарыбыздын ден соолугу, өмүрү өзүбуздүн колубузда. Азыр ата-эне менен баланын көз карашы дал келбейт. Ошол себептүү акырындап, түшүндүрүү жолу менен телефонду туура колдонууга үйрөтүү керек. Учурдагы кооптуу жагдайга ата-энеси тарабынан көңүл бурулбаган бала барат.
Ал эми райондук ИИБнин башчысынын орун басары Улан Кубатов оюн Орусиядан келгендигин, учурда балдар көбүрөөк кызыгып жаткандыгын, оюнга кирген бала кайра чыга албасын айтып берди.

Атын айтпоону суранган бир ата-эне баласы окуган класстын окуучулары ушул сыяктуу оюнга киргиле деп бирөөлөр сунуштап жатканын айтты.
Ата-энелер мектепке телефон алып келүү-алып келбөө маселелерин көтөрүштү. Айрымдары сабак башталарда чогултуп алууну сунуштаса, сабакка жолтоо кылып көтөрүп жүргөн учурда алып алып, окуу жылы бүткүчө бербей койгула деп айткандары да болду.

Ата-энелер комитетинин төрагасы Сыймык Сарыков бардык милдетти мугалимдин мойнуна түртө салбай, ата-энелерди баласы менен жакын мамиле түзүп, кол телефондорун, жүрүм-турумун дайыма көзөмөлдөп турууга чакырды.
Даярдаган: Жылдызбек кызы Алтынай
Редактору: Айылчиева Адина
Сынак үчүн
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!