Нечен жылдардан бери ата-бабалар колдонуп келген буюмдар-замандын өнүгүшү менен, учурда керектен чыгып, пайдаланылбай жатат.
Жаргылчак- таштан жасалган буюм. Кол менен иштетилет. Арпа, буудай, жүгөрү салып майдалап андан ун, талкан кылып алышкан. Көчмөн элдин дайым колдонгон буюму болгон.
Жасалышы-астыңкы ташы өзүнчө, үстүңкүсү өзүнчө болот. Так ортосунда көзөнөгү бар. Жыгач кармагыч аркылуу оңго-солго айландырылат.
Жаргылчак
Аталгы- бозо сүзө турган жыгач менен кайыштан жасалган буюм. Бир жак учу ачакей болгон жыгачтын ортосу көзөлөт. Ага узун түз жыгачтан бирөө өткөрүлөт. Ичке эки башы ийилген жыгачтын баштарына кайыш байланып, көзөнөккө бир оролот. Аны ары-бери тартканда ача жыгач кыймылга келип баштыкчадагы бозо сүзүлөт.
Аталгы
Тулга — казан асууга ылайыкталган темир буюм. Ар түркүн формада болот. Айрымдары тегерек айрымдары үч бурчтук болот. Кыргыз эли азыркы очоктун ордуна пайдаланышкан. Көчүп жүрүүгө ыңгайлуу буюм болгон.
Тулга
Бермет Кенжебек кызы