Кыргыз эли байыртадан уюткулуу улут болуп улуу тарыхка салт-санжырага бай узак жашаган каада-салтын, ырым жырымдарын жоготпой келген улуу кыргыз болуп эсептелет эмеспи. Ушул улуу журттун урпактары келечек ээлери, жаш муундар ата-бабаларынын башынан кечирген тарыхын, каада салтын унутуп бараткандыгы ойлондурбай койбойт.
Каада салтыбыздын, күнүмдүк турмушта колдонулуучу үрп адаттарыбызды айрымдары гана билбесе, көпчүлүгү азыркы жаштар, балдарыбыз биле бербейт. Арабыздан элибиздин салттарын билген улуу ак сакал ата-апаларыбыздын саны азайып бараткандыгы өкүндүрөт.
«Бала оозантуу». Бул-жарык дүйнөгө ыңаалап келген перзенттин оозуна биринчи ырымдап, энелер карын бузуп, сары май салуу, таттыруу. Оозу ачылып томурулган сары майдан андан аркысы жентекке берилет. Бешик тоюна коюлат. Азыр наристелер төрөт үйлөрүндө төрөлөт да, андай ырым жырымдар колдонулбайт. Бала суу, ширелүү суюктук, эненин эмчек сүтү менен наар алат. Эненин эмчек сүтү-ууз сүтү баланын тоюнушу үчүн жана тирлениши үчүн күлазык болуп саналат. Ошондуктан:»Эне сүтүм-эмчек сүтүм. Апа сүтүм- ак сүтүм «-деп айтылат. Эне ордуна бирөөлөр эмизсе -элик сүтүм деп коюшат. Бала ирбийиңди тартса, тотукпаса:»Эне сүтүнө тоюнбай калган» өңдүү сөздөр айтылган.
«Ат тергөө». Бул-ата бабабыздан берки адепти, ыйманды тутуунун бир асыл түрү. Мында да улууларды урматтоо, кичүүлөрдү ызаттоо наркы, салты ченебей сакталган. Мисалы небереси менен тең эле «Кошой Коңгарбавич»-деп отурса,биз биякта туруп эле бир кызыктай абалга түшөбүз. Азыр колдон келсе «евич», «евна» деген кошумча ярлыктарды таштап эле Турсунаалы уулу Нурлан, Эсенаалы кызы Айгүл, -деп айтканыбыз оңдой берди сезилет. Илгери ат тергөөдө «акем», «мерген акем»,»молдо акем»,»ат-тескери акем», «жылкычы уул», «тегирменчи уул», «баатыр атам», «койчумандын апасы» деп айтышкан. Мунун артында жылуу сөздөр бар. Аларды урматтоо, алар аркылуу, албетте, сыймыктануу жагдайлар дагы бар. Ат тергөөдө да ошого мүнөздүү жерин, сырткы кебетелерин куп, ошол «талкуу жерин» таап койгон учуру да болгон. Мисалы кой оозунан чөп албаган адамдарды «жоош аке», сырты даалдап, ичинде кири жокторду «калдырак аке», шуртулдап жүргөндөрдү «суу жукпас аке»деп тергешкен эле. Биздин айталы дегенибиз биринчиден, азыр жаштарыбыз уяттуу адамдардын теке мандайына кашкайып отуруп алып, анын атын да, атасынын атын да таптак айтып отурса, муну уккан улууларга өтө олдоксон, экинчиден жашы да, жолу да улуу бир тууган кайнилерин жеңеси тергеп койбой атынан чакырса, ал андан бетер копол угулат. «Балам, өз абийириң, бир чети ызат жолу, кичик болсо да, жашы улуу уялаш жакын кайниң аттууну атынан чакырба»-деп байкуш кайненелер бекеринен айтпас чыгаар.
Олоң чач-ургаачылардын көркү.
«Узун чач ууздай иреңин,
Укмуштай курдаш сүйөмүн.
Сулуусу жардын жакшы го,
Дегенин уктум бирөөнүн»-деген кандай жагымдуу угулат. Ургаачы атуулдардын узун чачы бардык элдердин аялдарынын сулуулук наркы жана көркү болгон. Көпчүлүк өлкөлөрдө азыр да муну аздектешет. Айрыкча чыгыш элдери Ислам динге байланыштырып, узун асырап, кадимкидей өрүп, артка таштап жүрүү салты бар. Чач кыркуу, ырасын айтканда, ырысын кыркуу дешет. Эгер андайлар болгондо ал аялды кордоп, салбар, эчтекеге тең кылбай, чоң күнөөлүү катары карашкан. Анда зайыбдын чачын кыркуу жазалоо болгон. Ал эми мусулман калкта, айрыкча кыргыздарда кыз баланын карын чачын алаары менен «чач өрдүрүү» каадасын тартып, ага назар ташталган, камкордукка алынган. Чачы коюу жана бат өсүшү үчүн устара менен кырдырган. Үч төрт жашында эле төбөсүнө чач коюп, тегерегин алып, ал узун чач болуп өсүшүнүн өбөлгөсүн түзгөн. Чач өрдүрүү 5-6 жаштан башталган. Саамай чачы алты өрүмдөн, арка чачтарын майдалап өрүүгө жардам берген. Беш көкүл-чачы далысын жапканы- кара далы кыз, бойго жетип, жуучу түшүп, бүгүн эртең эрге аттануучу кыз. Тестиер чагында үкүлүү топунун ордуна тебетей кийген кыз. Ал кундузбу, суусарбы, иши кылып аң териден ылайыктууларынан тигилген. Кыз келиндеринин чачынын асыралышы аркылуу көз кырында турган. «Чачы жер чиет»,»Чачы согончогуна чейин жетет», «Капкара көмүрдөй чачы бар»,,,сымал сыпаттоолор , ага карата поэзия саптары, даңазалоо учурунда укмуштай болуп келгенин билебиз.
«Жыгылтпай карма» оюну. Кыргыз элинин байыркы оюндарынын бири болуп саналат. Бул оюнга 20-25 адам катыша алат. Калыс оюнчуларды тегерете тургузуп ар бирине номер берет. Калыс ортого чыгып 1,5 метр таякчаны жерге коюп, аны кое берип, бир номерди айтат. Аталган номердеги оюнчу таякчаны жүгүрүп барып кармап калыш керек, кармай албай калса, ал оюнчу ырдап, бийлеп же аңгеме айтып берүүсү шарт.
Даярдаган: Жумакан Кожомкулова, Перизат Таштанова