Ноокат районунун Кулатов айылында «Жайыт комитетинин ишмердүүлүгү» деген темада радио уктуруу болуп өттү. Коноко Кулатов айыл аймагы боюнча жайыт комитетинин төрөгасы Рустамов Кеңеш Кудайбердиевич, Кулатов айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин инспектору Кадыров Кубанычбек Ибраимович, жайыт пайдалануучу Жолдошов Асилбек Исманович болушту. Талкууда жайыт маселесин жакшыртуу боюнча ой сунуштар айтылды.
Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак мульти медиа борборунда 18-июль саат 10:00 дө Демакратия сааты уктуруусунда жайыт комитетинин ишмердүүлүгү жөнүндө радио уктуруу болуп өттү. Радио уктурууга Кулатов айыл аймагынын жайыт комитетинин төрөгасы Рустамов Кеңеш Кудайбердиевич, Кулатов айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин инспектору Кадыров Кубанычбек Ибираимович, жайыт пайдалануучу Жолдошов Асилбек Исмановичтер келишти. Жайыттын азыркы учурдагы абалы жана аны жакшыртуу үчун кандай иштер алып барылып жаткандыгы жөнүндө талкуу болду. Калк арасынан алынган сурамжылоонун негизинде бир нече ойлор айтылды. Элдин жайыт боюнча түшүнбөгөн суроолоруна жооп береүүгө жетишити. Иш пландары жөнүңдө маалымат берип анын аткарылышы жөнүндө коомчулукка бир жылда бир жолу отчёттук чогулуш өткөрүп жаткандыгы боюнча Кулатов айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Кеңеш Кудайбердиевич маалымат берди. Кулатов айыл аймагынын элинин мал баккан элдеринин жайытынын тарлыгына байланыштуу Каримберди жайытын эчки багуу үчүн малчыларга шарт түзүүнү пландаштырып жатабыз, Себеби Карим берди жайлоосу эчки багуу үчүн ыңгайлуу. Андан сырткары элден жыйналган салыктардын сарпталышы боюнча толук маалымат да берип өттү. Угуучулардан түшкөн суроолорго да жооп берип кетти. Уктуруунун аягында Коомдук угууларга көпчүлүк элдер катыша алышпай биздин ишмердүүлүгүбүз боюнча толук маалымат ала албай калышат. Ошол себептен мындай иш чараларды өткөрүү аябай жакты каалаган мезгилде фейсбук аркылуу толук маалымат алууга ыңгайлуулун айтып уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.
Даярдаган: Жалалова Таңнуру