COVID-19 дүйнѳлүк экономикага жана эмгек чѳйрѳсүнѳ мурун болуп кѳрбѳгѳндѳй ѳзгѳрүүлѳрдү алып келди.
Кызыл -Туу айыл аймагы
Сокулук районунун Кызыл -Туу айылынын маданият үйүнүн жетекчиси Чолпон Эгинбаева менен азыркы учурдагы айылдагы маданий абал жана кандай иш алып барып жаткандыгы тууралуу маек курдук.
-Саламатсызбы Чолпон айым? Учурдагы маданий – иш чараларынын абалы жѳнүндѳ айта кетсениз?
-Саламатчылык! Пандемияга каршы маданий иш-чаралардын кѳбү кыскарды, Бул илдет бизге абдан тоскоол болууда. Негизи 2020-жылдын 19- март айында өкмөт тарабынан коронавирус инфекциясы боюнча абал жакшырганга чейин маданий, спорттук жана башка иш — чараларды ѳткѳрүүгө убактылуу чектѳѳ киргизилген. Бирок ошого карабастан санитардык эрежелерди сактап кээ бир майрам күндөрүн белгилѳѳ иштерин жүргүздүк. Мисалга айтсам, былтыр эгемендүүлүк күнүнѳ карата айыл аксакалдарына акчалай белек бечкегибизди тараттык. Алдыда 31-август Кыргыз Республикасынын эгемендүүлук күнүнѳ карата да аралыкты сактап майрамды белгилѳѳ аракетиндебиз.
COVID-19 оорусу маданият иш — чараларды ѳткѳрүүгѳ абдан тоскоол болуп жатат. Айылда концерттик программалардын баары токтогон.
— Ушундай чектѳѳлѳргѳ карабастан иштеп жатасыздар, мындан ары дагы кандай пландарыңыздар бар?
— Маданият бул тарбиялоо деген маанини билдирет. Маданий иш-чараларды ѳткѳрүү менен биз элибиздин жан дүйнѳсүн сугарып, жүрүм- турумун ѳзгѳртѳ алабыз. Кудай буюрса оорунун саны азайып, элдер вакцина алып жатышпайбы ошондон улам келе жаткан күз айлары кайрадан мурдагыдай режимде ишке киришебиз деген чоң үмүттѳбүз.
Маегиңизге чон рахмат!
Нурзат Момуналиева