Лейлек районуна караштуу Искра айылындагы Манас орто мектебинин 10-классынын окуучусу Жумагүл Кудаяр кызы кыргыз тили боюнча райондук олимпиадада 1-орунду ээледи. Ал облустук турга жолдомо алып, учурда кызуу даярданып жатат.
Жумагүл Лейлек районунун атынан 25-февралда өтө турган облустук олимпиадага катышат. Жумагүлдүн мугалими Кайриниса Сулайманова окуучусун бир жылдан бери олимпиадага даярдап келгенин айтат.

«Мен кыргыз тили сабагы боюнча Жумагүлдү 9-классынан бери даярдап келем. 9-классында да зоналык турда 1-орунду алган. Райондук турда 67 мектептен тандалып алынган төрт окуучу ат салышты. Учурда облустук турга даярданып жатат», — деди Сулайманова.

Жумагүл «Эми жакынкы күндөрү облустук турга мугалимим экөөбүз барабыз. Азыр даярданып жатам. Буюрса облустук турда жеңип чыгууга аракет кылам» деп айтып өттү.
Эгерде окуучулар облустук турда 1-орунду алса республикалык турга жолдомо алат. Ал эми 2-орунду ээлесе, келерки жыл зоналык, региондук, райондук турга катышпай эле түз облустук баскычка даярданат.
Даярдаган: Данияр Исакбаев
Сынак үчүн
НЖ