Талас шаарындагы таза суу канализация системасын кайра калыбына келтирү боюнча долбоорду таза суу муниципиалдык мекеменин жетекчиси Майрамбек Сопалиев жетектеп иш жүргүзүүдө.
Суу түтүктөрүн жаңыртуу боюнча долбоор менен иштеп жатасыздар, ушул долбоор боюнча кыскача маалымат берсеңиз?
— 2014 жылы бул долбоор ратификациядан өтүп колдоого алынган, бүгүнкү күндө банк тарабынан келишимдерге кол коюлуп 2017-жылы аякташ керек болчу. 2016-жылдын август айында башталды бул долбоор, бирок 2017-жылы биз банк менен келишим түзүп кайра 2019-жылдын февраль айына узартууга кол койдук.
Таза суу муниципиалдык мекеменин жетекчиси Сопалиевдин айтымында, кыш мезгилинде жердеги суу тартылып көтөрүлө электе иш жүргүзүп жатат.
Бул долбоорду ким каржылап жатат?
— Европалык банкты өнүктүрүү жана реконструкция тарабынан Евробиримдик тарабынан каржыланууда.
Айдоочулар иш жүрүп жаткан көчөлөрдөгү белгилерге көңүл бурбай жатышат деген нааразычылыктарын билдиришти.
Эмне үчүн бул жумуштар долбоор алкагында кыш мезгилинде жүрүп жатат?
— Кыз мезгилинде аба ырайы суук болгондугуна байланыштуу биз жер тоңуп, суу тартылып турганда жер казуудабыз.
Азыркы тапта канча адам эмгектенип жатат?
— 20 адам иштеп жатат, анын ичинде 10 айдоочу, камаз, эксковатор айдаган балдар.
Иштөө убактыңыз саат канчадан башталат?
— Саат 8:00-18:00 чейин, саат 12:00дөн 13:00дө түшкү тыныгуу.
Кыш мегилинде кыйын болгон жокпу?
— Жок, биз жумуш табылганына кубануудабыз.
Даярдаган: Рахат Камчыбекова