Сокулук районундагы Муса Жангазиев атындагы № 4 орто мектепте соцпедагогдор үчүн семинар уюштурулду. Бул семинарда райондогу мектептердин соцпедагогдору “Теңдик нуру” демилгеси долбоорунун алкагында ГАЛС системасынын ыкмалары боюнча маалымат алышты. Семинардын максаты үй-бүлөнүн баардык мүчөлөрүнүн максаттарын, кыялдарын эске алып, ар биринин жашоо сапатын жакшыртууга багытталган ыкмаларды үйрөтүү болду.
Семинарга Сокулук районундагы мектептердин жалпы социалдык педагогдору катышты. Бул мектеп “Теңдик нуру” демилгеси долбоору менен 2021-жылдан бери мектеп окуучулары жана мугалимдери окутуудан өтүшкөн. Семинардын ачылышында мектептин директору Саадагүл Кожомкулова:
«Биздин мектеп «Теңдик нуру» демилгеси долбоору менен 2021-жылдан бери иштешип келебиз. Бул долбоордун алкагында биздин мугалимдер жана окуучулар окутуудан өтүштү. Бүгүнкү күнү алган билимибизди сиздер менен болүшүү үчүн семинар уюштурдук. ГАЛС англис тилиндеги GALS (Gender Action Learner System) деген сөздүн орусча жазылышы. Ал эми кыргыз тилине которгондо Гендердик сезимтал иш-аракеттерди изилдөө системасы дегенди билдирет. Бул системанын максаты- үй-бүлөлөрдүн жашоо шартын жакшыртуу”, -деп баса белгиледи.
Семинарда, аталган мектептин мугалимдери Гүлайым Тайгараева, Айбын Бектаева жана Ханышай Катаева тренердик милдетти аткарышты. Учурда бул мугалимдер “Теңдик нуру” долбоорунда алган билимдерин райондун башка мектептеринде жайылтууда.
Бул семинарга Восточное айылындагы Жаны Жер толук эмес № 2 орто мектебинин соцпедагогу катышууга мүмкүнчүлүк болду.
Буга чейин Жаны Жер толук эмес № 2 орто мектебинин мугалимдерине “Жаңы-Жер жамааттык медиа борборунун” журналисттери “Тендик нуру” демилгеси долбоору жөнүндө жана ГАЛС системасынын ыкмалары тууралуу маалымат беришкен.
Мындан тышкары, мектептин мугалимдери, Борбордук Азия өлкөлөрүндө медиа билим берүүнү илгерилетүүгө арналган “ММКны колдоо борборунун” расмий каналында жайгашкан, www.mediasabak.org онлайн порталы 4 тилде иштелип чыккан (орусча, кыргызча, тажикче жана казакча), анын ичинде анимация жана видео сабактар, практикалык көнүгүүлөрдү пайдаланууда.
Өзгөчө бул шилтемелер мектеп окуучулар арасында Буллингге каршы күрөшүүдө соцпедагогдорго натыйжалуу колдонмо болууда. Бул да болсо мугалимдердин медиадагы ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана билүүсү.
Турсун Омуралиева