Жаңы окуу жылынын башталышы менен Баетов айылынын Карсартов орто мектебинде өзүн-өзү башкаруу мектеп парламентинин мүчөлөрү шайланды. Бул салтанатка мугалимдер, окуучулар катышты.
Алар окуу жыл ичинде мектептин ички тартибин, тазалыгын жана окуучулардын катышын жөнгө салууда мугалимдерге, коомдук уюмдун жетекчилерине көмөктөшүп иш алып барышат. Ошондой эле мектептеги, айылдагы жана райондук деңгээлдеги иш чараларга жигердүү катышууга милдеттеништи.

Мектеп парламентинин президенти У.Бердибеков мүчөлөрдүн атынан ишеним көрсөткөн окуучууларга ыраазычылык билдирип, ишти алга жылдырууга салым кошорун айтты.

Ал эми мектептин тарбия иштерин уюштуруучусу Н. Абылова «силер эми быйыл мектепти бүтүп кетесиңер, бир жылдын ичинде силерди мектепке мугалимдерге көмөкчү болот деп ишенебиз» деп билдирди.
Даярдаган: Ширин Кушбелдекова
Редактору: Айчолпон Касымалиева
Сынак үчүн