Ковид- 19 илдети башталгандан тартып, онлайн билим алуу аябай актуалдуулугун жогорулатты. Азыркы учурда студенттер жана окуучулар үчүн онлайн сабактар, онлайн консультациялар байма-бай уюшулуп, билим алууга умтулган жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөр абдан көп. Бирок буга карабастан окуучулар бюджеттик билим алуу бөлүмүн тандашат.
Билимди биринчи орунга коюу — милдет
Самат (аты өзгөртүлдү) биринчи курска тапшырарда дистанттык билим берүүнү тандап алган. Сабактарына бирде катышса, бирде убактысы жетпей калчу. Себеби, ал кошумча жумушта иштээр эле. Ошентип, 4-курсту да аяктады. Сабактарына тааныш аркылуу бааларды койдуруп алган. Дипломун колуна алган учурда ал өз кесиби боюнча билими өтө аз экенин түшүнүп, өзү тандаган кесиптин ээси да боло албады. Баягы эле көнгөн кара жумушта иштегенге туура келди. Самат дистанттык бөлүмдү тандаганына азыр аябай өкүнөрүн айтып, окуучуларга мектептен жакшы билим алып, бюджеттик негизде окуганды тандоо керектигин билдирди. Себеби, окуучу ата-энеге да кам көрүп, өзү үчүн да аракеттенип окуса, стипендия алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун айтты.
Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучуларынан сурамжылоо жүргүзгөндө 28,6% дистанттык билим берүү бөлүмүн тандашкан. Ал эми 42,9% окуучулар бюджеттик негизде окууну тандашкан. Себеби, аралыктан билим алууда окуучу толук кандуу өз кесибинин мыктысы боло албагандыгын айтышкан.


Мектептин 11-классынын окуучусу Сирень Кубанычбек кызы бюджеттик окуу бөлүмүн тандайт
Сирень Кубаныч кызы: «Окуучу үчүн бюджеттик окууга өтүү эң башкы ийгиликтердин бири деп эсептейм. Мындан сырткары, ар бир бала ата-эненин мүмкүнчүлүгүнө көңүл буруп, ата-эне үчүн да кам көрүшү керек. Мен буюрса Кыргыз-Түрк «Манас» университетине тапшырууну пландап, даярдыктарды көрүп жатам. Пандемия учурунда түрк тилин онлайн үйрөнүүдөмүн, буюрса жакшы деңгээлде сүйлөп калдым.»
Кутман Казыбек уулу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебин 2021-жылы аяктап, азыркы учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика кафедрасынын биринчи курсунун студенти. Ал аралыктан окууну эмес салттуу окууну тандайт.

Кутман Казыбек уулу: «Оору жаңы башталып, таркай баштаганда бардыгыбыз күбө болгондой эле билим аралыктан берилип, окуу онлайн болуу менен көптөгөн тоскоолдуктарга алып келген. Мисалы, онлайн окуу учурунда өлкөдөгү билим сапатынын төмөндөөсү атайын адис же педагогдорго эле байкалбастан, карапайым жашоочулардын да өз балдарынын кадимки окуу учурундагы деңгээли менен салыштыруусунан байкагандыгы буга далил. Азыр Кудайга шүгүр! Эч кандай аралыктан эмес, салттуу билим берүү менен окуп, терең билим алууга аракет кылып жатабыз. Албетте, дүйнөнү каптап жаткан оорунун биздин өлкөбүздө да тарап жатышы ден соолугубузга коркунуч жаратууда, бирок, ооруну алдын-алуу эрежелерин так сактоого аракет кылуу менен билим алууга умтулуудабыз. Дүйнөдө тынчтык, өлкөбүздө өнүгүү, калкыбызда ынтымак, ден соолук болсун!»

КРСУнун филология факультетинин 1-курсунун студенти Айсулуу Уланова бюджеттик бөлүмдө билим алат
Айсулуу Уланова: «Мен азыркы учурда бюджеттик окуу бөлүмүндө билим алуудамын. Мектепте окуп жүргөндө пандемия окуубузга абдан чоң терс таасирин тийгизди, мисал үчүн кээ бир темаларды түшүнүү өтө оор болуп, айтоор бир нерсе жетишпегендей болду. Көп учурда билип, жооп берип жатабыз, бирок кээ бир жерден чынында теманы толук кандуу өздөштүрүү кыйынчылык алып келген учурлар болду. Бирок, онлайн окуунун бир жагынан пайдасы да тийди деп ойлойм, себеби, онлайн окуу учурунда биз иштеген ар түрдүү программаларды билгендигибиз, азыр университеттен окуп жаткан учурда агай-эжейлер аралыктан тапшырма берген болсо, оңой иштеп, өздөштүрүүгө аракет кылып жатабыз.»

Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин химия сабагынын мугалими, КР Ардак гратомасынын ээси Айнур Малабаева
«Мен кесиптик билим алуу үчүн бюджеттик билим алуу эффективдүү деп эсептейм. Азыркы учурда көптөгөн студенттер дистанттык билим алууга өтүп жаткандыгы өкүндүрөт. Буга биринчиден Ковид- 19 илдети себеп болсо, экинчи себеп Кыргызстандагы экономикалык абал, турмуш шарт, көптөгөн ата-энелердин балдарынын окуусун контракттык негизде камсыз кыла албагандыктан, дистанттык бөлүмдө окуп, окуусун камсыз кылуу максатында иштөөгө мажбур болуп аткандыгы деп эсептейм.
Мындан сырткары дагы айрым балдар өзүлөрү каалаган кесипке эмес, эң башкысы диплом алуу деп эсептеген жаштар да көп. Андай болгон шартта дистанттык билим алуу абдан ыңгайлуу. Бирок, кандайдыр бир маселелерин убактылуу чечип алып жаткандыгы менен, дистанттык окууда толук сапаттуу билим ала алышпайт. Даана кесипкөй, профессионалдык деңгээли жогору болгон инсан болууга мүмкүнчүлүк түзүлбөйт. Кандай болгон шартта да бюджеттик билим алуу менен жогорку сапаттагы билим алууга болот. Анткени бардык нерсе өз шарты менен, өз деңгээлинде болушу керек.
Дистанттык окууда балдардын өз алдынча билим алууга болгон аракети өтө жогору болушу керек. Бирок жогоруда айтылгандай көпчүлүк балдар андай шартка ээ эмес, убактысы да болбойт. Ошондуктан ортозаар билимге ээ болгон кадрлар өсүп чыгып жаткандыгы өкүндүрбөй койбойт. Бул жерде ар түрдүү коррупциялык схемалар дагы орун алып окууну акчасы менен бүткөргөндөр да абдан көп. Бетме-бет отуруп окугандан өтөрү жок. Балдар билимге гана умтулушуп, башка турмуштук жагдайларга алаксыбашы керек»,-дейт Айнур Малабаева.
Демек, аралыктан билим алуу менен бюджеттик билим алуунун айырмасы абдан зор. Кыргызстандын келечегин түзүүчү жаштар бюджеттик негизде жана салттуу билим алуу менен гана кесипкөй, профессионалдуу кадр болуп, Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошо алат деген ишеничтебиз. Мамлекетттин өнүгүүсү үчүн жаштар терең, жеткиликтүү билим алуусу зарыл.
Акылай Алмазбекова